Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

Косоводогу шайлоодо солчул "Өзүн-өзү аныктоо" партиясы жеңишке жетти


"Өзүн-өзү аныктоо" партиясынын лидери Альбин Курти
"Өзүн-өзү аныктоо" партиясынын лидери Альбин Курти

Косоводо 14-февралда өткөн парламенттик шайлоодо солчул-улутчул “Ветевендодже” ("Өзүн-өзү аныктоо") партиясы алдыга чыкты. Бул саясий уюм шайлоочулардын 48 пайызын алды.

Партиянын лидери укук коргоочу Альбин Курти 14-февраль күнү кечинде өлкө борбору Приштинада өз тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып, «эртеңден баштап жаңы күн башталат. Бүгүнкү улуу жеңишибиз - биз каалаган өзгөрүүлөр үчүн мүмкүнчүлүк»,-деп билдирди.

Ал сот адилеттигин орнотууну жана жумушчу орундарды түзүүнү жаңы өкмөттүн башкы милдети катары атады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, Косовонун демократиялык партиясы 17 пайыз добуш алса, ал эми буга чейинки премьер-министр Авдулла Хоти жетектеген «Косовонун Демократиялык лигасы» 13 пайыз добушка ээ болду. Хоти жеңилгенин моюнуна алып, шайлоо мыйзам бузуусуз өткөнүн билдирди.

2008-жылга чейин Сербиянын курамында болуп келген Косово эгемендигин жарыялаган. Аны АКШ, Евробиримдиктин бир топ өлкөлөрү тааныган. Бирок Белград жана Москва, ошондой эле бир нече мамлекет Косовону дагы деле Сербиянын бир бөлүгү деп эсептешет

XS
SM
MD
LG