Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Москвада жана Петербургда "Тилектештик чынжырчасы" акциясы өттү


Саясий туткундарга тилектештик чынжырчасы акциясы. Петербург. 14-февраль, 2020-жыл
Саясий туткундарга тилектештик чынжырчасы акциясы. Петербург. 14-февраль, 2020-жыл

Москванын борборундагы Арбат көчөсүндө саясий туткундардарга тилектештик акциясы өттү. Сүйүшкөндөрдүн майрамы саналган Ыйык Валентин күнүндөгү акцияга 200гө жакын кыз-келин катышты. Алар Арбаттагы акын Александр Пушкин жана жубайы Наталья Гончареванын айкелинин алдынан чынжырча иретинде көчө бойлой тизилип, колуна саясий негизде камалган активисттердин аты-жөнү жазылган жүрөкчөлөрдү жана гүлдөрү кармап турушту. Акция эки саатка созулуп, тартип бузуусуз аяктады.

Активисттер камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын жубайы Юлия баш болгон, сүрөтчү Юлия Цветкова, саясатчы Любовь Соболь, активисттер Мария Алехина, Люся Штейн жана башкалар колдоо сөздөрүн айтышты. Акция чыккандар аты аталгандарга карата бийлик саясий мотив менен кылмыш ишин козгогон деп эсептешет.

“Тилектештик чынжырчасы” акциясы Санкт-Петербург шаарында да өттү. “Кресты” тергөө абагынын жанына чогулгандар акын Анна Ахматованын “Реквием” ырынан үзүндүлөрдү окушту.

Аялдардын саясий туткундарга тилектештик акциялары 2020-жылы Беларустагы нааразылыктын жүрүшүндө алгач жолу уюштурулган эле.

XS
SM
MD
LG