Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:00

"Прогрессивдүү кыргызстандыктардын дүйнөлүк курултайына" даярдык жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Прогрессивдүү кыргызстандыктардын дүйнөлүк курултайы” аттуу иш-чарага даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу 14-февралда “Азаттык” радиосуна курултайдын уюштуруучуларынын бири, эл аралык юрист Динара Муканбаева билдирди.

Анын айтымында, 6-7-мартка пландалып жаткан талкуу онлайн форматта өтөт жана ага дүйнөнүн булуң-бурчунда окуп-иштеп жаткан кыргызстандыктар катышып, мекениндеги абалды жакшыртуу жолдорун талкуулап, өкмөткө сунуштарын беришет:

“Өлкөнү өнүктүрүүнүн альтернативдик пландарын талкуулоо үчүн курултай чакырабыз. Укук жана сот тутуму, экономика, илим, маданият, тарых, билим берүү, саясат, медицина, IT чөйрөсү, өнүгүүнүн инновациялык жолдору, социалдык чөйрө, туризм, экология, жаратылыш ресурстары, энергетика, адам укуктары, дин жана башка темаларды камтыйбыз. Өкмөткө сунуштар айтылып, резолюция кабыл алынат. “Бизге жардам бергиле. Силерге гана үмүт калды. Биз кыйналып жатабыз, келгилечи кайра” деп Кыргызстандан карапайым эл чалып, жазып, бизди чакырып жатат. Бийликтен андай чакыруу боло элек. Бирок биз бийликке конструктивдүү сунуштарыбызды беребиз. Билимдүү, тажрыйбасы күчтүү адистерди чогулталы деп жатабыз. Эч кандай саясат жок. Булар баары чет жакта жашап, бутуна туруп калган, оокатын жакшынакай кылып кеткендер. Курултайда чогулуп, сүйлөшөлү деп турабыз”.

Муканбаева кошумчалагандай, буга чейин чет жактарда жашаган кыргызстандык кыз-келиндер түрдүү жолугушууларды, жыйындарды уюштуруп келишкен. Эми кеңири форматтагы жыйын өткөрүү пландалууда.

“Прогрессивдүү кыргызстандыктардын дүйнөлүк курултайы” эки күн өтөт. Талкуу тогуз багытта жүргүзүлөт. ZOOM аянтчасында уюштурула турган иш-чараны “Фейсбук” аркылуу түз көрсөтүүгө техникалык жардамын Калифорниядагы жана Кыргызстандагы IT топ көрсөтөт.

Кыргызстандын бир миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет мамлекеттерге эмгек мигранты болуп жүрүшөт. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда. Кийинки жылдары Европада, АКШда, Азия өлкөлөрүндө да жогорку билим алып, жакшы кызмат аркалап, көптөгөн ийгиликтерге жетишип жаткан кыргызстандыктар көбөйүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG