Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:35

Таласта жаштардын калайман мушташынын себеби иликтенүүдө


Талас шаары.
Талас шаары.

Таласта жаштар арасында калайман мушташ чыгып, үч автомашинанын терезеси талкаланды. Бул тууралуу 14-февралда шаардык милиция кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя жекшембиге караган түнү Нуржанов жана Огомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жергиликтүү тургун топ балдар ызы-чуу болуп, таш ыргытып жатышканын билдирип кайрылган.

Факт шаардык ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Азыркы учурда окуяга тийиштүү адамдар такталып, териштирүү жүрүп жатат.

Күбөлөрдүн айтымында, эки кичи райондун тургундары, болжол менен 50-60 бала эки тарап болуп мушташкан. (RK)

XS
SM
MD
LG