Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:10

“Социал-демократтар” партиясын Темирлан Султанбеков жетектейт


Солдон оңго: Кадырбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Сейитбек Атамбаев.
Солдон оңго: Кадырбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Сейитбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев “Социал-демократтар” партиясындагы төрагалык кызматты партиялашы Темирлан Султанбековго өткөрүп бергенин 12-февралда билдирди.

Анын айтымында, бүгүн 12-февралда Бишкекте партиянын 4-курултайы өттү. Курултайдын катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү саясий процесстерге активдүү катышууга үндөдү.

Курултайга 200 делегат катышканы, партия быйыл Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоолорго катышуу чечимин кабыл алды.

Башкалар менен катар Алмазбек Атамбаев түптөгөн Кыргызстан социал-демократтар партиясы 2017-жылы бийлик алмашкандан экиге бөлүнүп, анын бирин Чүйдүн мурдагы губернатору Сагынбек Абдырахманов жетектей баштаган. Эки партиянын ортосунда мөөр талаш боюнча бир нече ирет чыр-чатак, соттошуулар болгон.

Өткөн 2020-жылдын июль айында Cейитбек Атамбаев «Социал-демократтар» партиясынын курултайы өткөнүн, ал төрага болуп шайланганын жарыялаган. Партия 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодо добуштардын 2,13% ээ болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG