Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:37

14-февралда Кыргызстан боюнча отуз жуп үйлөнөт


Кыргызстандагы тойлордун бири.
Кыргызстандагы тойлордун бири.

Эл арасында сүйүшкөндөр күнү катары белгиленип жүргөн 14-февралда өлкө боюнча 30 жуптун расмий никеси кыйылат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча Бишкектеги никени каттоочу борбордук залда 22 жуп, Ош облусунда сегиз жуп бул күнү баш кошуу үчүн арыз беришкен.

Быйыл 14-февраль дем алыш күнгө туш келгенине карабай Мамлекеттик каттоо кызматы иштей турганын кабарлады.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2019-жылы 49 431 нике катталса, 10 992 жуп ажырашкан.(BCh)

XS
SM
MD
LG