Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:47

Жалал-Абад: Жемкорлук үчүн кармалган мурдагы жетекчи үй камагына коё берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда шаарды көрктөндүрүү боюнча муниципалдык ишкананын мурдагы жетекчиси Төлөнбек Бакиров "мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген шек менен кармалып, эртеси күнү үй камагына коё берилди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 11-февралда кабарлагандай, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана бюджеттик акчаны ыйгарып алуу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бакиров 9-февралда кармалып, облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына отургузулган.

Мекеменин маалыматына караганда, териштирүү учурунда ал күнөөсүн толугу бойдон моюнуна алып, келтирилген зыянды төлөп берди жана 10-февралда Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды.

Тергөөчүлөр Бакировду 2020-жылы март айында шаарды жашылдандыруу үчүн көчөт сатып алууда мамлекетке 612 миң сом зыян келтирген деп айыптап жатышат.

Төлөнбек Бакиров Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы вице-спикер Мирлан Бакировдун тууганы.

Кыргызстан «Transparency International» уюмунун жемкорлук боюнча тизмесинде 2020-жылдын жыйынтыгы менен 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээледи.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралда “Азаттык” радиосундагы маегинде соңку мезгилде кылмыш иштери боюнча кармалып, кийин акча төлөп абактан чыгып кетип жаткандар жөнүндө түшүндүрмө берип, айыпталгандар тергөө учурунда абакта жатпаш үчүн бөгөт чарасы катары үй камагы тандалып жатканын, ага карабай алардын иштери сотко жеткирилерин билдирген.

Бакиров же анын адвокаттары УКМКнын айыптоосу боюнча азырынча комментарий берише элек. (RK)

XS
SM
MD
LG