Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Прокуратура: Опумбаев менен Жунушалиевдин кайсы жакта жүргөнү аныкталууда


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Орозбек Опумбаев менен мурдагы ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Орозбек Опумбаев менен мурдагы ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Орозбек Опумбаев менен мурдагы ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиевдин кайсы жакта жүргөнү аныкталып жатканын билдирди.

Бул тууралуу Зулушев "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүндө маек куруп жатып айтты.

Ал издөөдө жүргөндөр кай жакта экенин тактаган жок. Баш прокурор бул боюнча тиешелүү иш-аракеттер жүрүп жатканын, жакын арада кененирээк маалымат берилерин маалымдады.

"Издөө жарыяланган. Кай жерде жүргөндөрү да аныкталып жатат. Жыйынтык берилет, угасыздар", - деди Зулушев.

Курманкул Зулушев мурдараак басма сөз жыйынында сүйлөп жатып, башаламандык учурунда кызмат ордун таштап кеткени үчүн Жунушалиев менен Опумбаевдин жоругуна юридикалык баа берилерин айткан.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 5-октябрда Бишкекте нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Ал күнкү митингдер түнү менен уланып, 6-октябрга караган түнү Жогорку Кеңеш жана президенттик аппарат жайгашкан Ак үй талкаланган. Ала-Тоо аянтындагы түнкү башаламандыктар учурунда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу кулак тундуруучу жардыргычтан улам катуу жараат алып каза болгон. Маркум Баткендеги өзү туулган айылында жерге берилген.

Ошол учурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт, анын ичинде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да 6-октябрда кызматтан кеткен. Кийин 9-октябрда ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Орозбек Опумбаевди УКМКнын төрагалык кызматынан бошоткон.

Бийликтин күч менен алмашуусуна алып келген октябрь окуяларынан бери ИИМдин жана УКМКнын мурдагы жетекчилери Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевдин кайда экени белгисиз.

Президент Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырып бергенден кийин мамлекет башчылык милдетти жана премьер-министрликти бир колго алган Садыр Жапаров былтыр 2-ноябрда Баткенде эл менен жолугушуу учурунда Опумбаев менен Жунушалиевге укук коргоо органдары издөө жарыялаганын билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG