Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Январда азык-түлүк 1,7 пайызга кымбаттады


Бишкектеги эт базар
Бишкектеги эт базар

2021-жылдын январында алдын ала эсептөөлөр боюнча ички дүң өнүмдүн көлөмү 33 миллиард сомго жетип, 2020-жылдын январь айына салыштырмалуу 7,6% азайды.

Быйыл январда 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөөчү баалар жалпысынан өлкө боюнча 1% көтөрүлдү. Азык-түлүк, алкоголсуз суусундуктардын баасы 1,7% кымбаттады.

2021-жылдын январында өлкөнүн экономикасы 2020-жылга салыштырмалуу 7,6 пайызга төмөндөп, азык-түлүктүн баасы 1,7% кымбаттады.

Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет 10-февралда билдирүү таратты.

Өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмү январда 22 миллиард сомго жетип, 2020-жылдын январына салыштырмалуу 9,5 пайызга аз болду.

Төмөн көрсөткүчтөр курулуш, соода тармагында да байкалды.

Ал эми айыл чарбасында оң тенденция катталып, жалпы көлөм 0,9% өстү. (BCh)

XS
SM
MD
LG