Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Мэрия: Бишкекте 200 миңдей жолбун ит бар, былтыр ит тиштеген 1,5 миң адам катталган


Бишкектеги жолбун иттер.
Бишкектеги жолбун иттер.

Баш калаа Бишкекте 200 миңдей жолбун ит бар, алардын 60-70 миңдейин жыл сайын мэрия аттырып турат. Бул тууралуу 10-февралда "Азаттыкка" вице-мэр Жамалбек Ырсалиев билдирди.

10-февралда жаныбарлардын укугун коргогон активисттер мэриянын алдында жолбун иттерди атууга каршы пикет өткөрүштү. Вице-мэр Ырсалиев алар менен жолугуп, маселени чечүү жолдорун талкуулады:

"Биз активисттерге шаардагы санитардык полигондун жанынан жер берели, жолбун иттерди багып, тукумсуздандырууну ишке ашыргыла дедик. Бирок алар азырынча бул сунушка жооп берише элек. 2020-жылы эле шаарда 1456 кишини ит тиштеп алып, расмий арыз менен мэрияга кайрылган экен. Расмий кайрылбаган жарандардын саны так эмес. Жолбун иттер жыл сайын көбөйүүдө".

Бишкек мэриясына караштуу "Тазалык" муниципиалдык ишканасы февраль-март айларында шаардагы жолбун иттерди тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Медиктер жыл сайын ит, мышыктан адамга жуккан боордогу мите курт, паразит оорулары көбөйгөнүн эскертишүүдө. (BCh)

XS
SM
MD
LG