Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Өзгөн: Үй-бүлөлүк урушта бычак жеген келин ооруканада жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Өзгөн районунда күйөөсү менен уруша кетип, бычактан жараат алган 29 жаштагы келин ооруканада жатат. Бул тууралуу милиция “Азаттыкка” 10-февралда билдирип, окуя 2-февралда Жазы айыл аймагынын Кара-Дыйкан айылында болгонун кабарлады.

Келиндин күйөөсү экөө уруша кетишкенин, аялы ашкана бычагы менен өзүн өзү ичине сайып жибергенин айтууда. Ал азыр Өзгөн аймактык ооруканасында жатат.

Факт райондук ички иштер башкармалыгында Жазык кодексинин 137-беренесинин (Өзүн өзү өлтүрүүгө түрткү берүү) негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү жүрүүдө.

Милиция тийиштүү экспертизаларды жүргүзүп, келиндин күйөөсүнө юридикалык баа берүү жагын да караштырып жатат.

Укук коргоочулар аялдар үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган учурлар көп экенин, бирок көпчүлүк учурда алар бул тууралуу ачык айтпай, жашырып келерин белгилешет.

Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14%, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн маалымдаган. Жыл башынан бери бир нече аял зомбулуктун курмандыгы болду. (DU)

XS
SM
MD
LG