Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Иран Орусиянын «Спутник V» вакцинасы менен эмдөөнү баштады


Коронавируска каршы эмделип жаткан медкызматкер. 9-февраль, 2021-жыл. Тегеран.
Коронавируска каршы эмделип жаткан медкызматкер. 9-февраль, 2021-жыл. Тегеран.

Иранда Орусияда чыгарылган «Спутник V» вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү башталды.

Имам Хомейни атындагы Тегеран ооруканасында сүйлөп жатып саламаттык сактоо министри Саид Намаки «Орусиялык вакцина менен эң алгач менин балам эмделет»-деп айтты.

Министрдин орун басары Алиреза Раиси белгилегендей, вакцина алгачкылардын болуп медкызматкерлерге, улгайгандарга жана ардагерлерге сайылат.

«Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясы Тегеранга 4-февралда жеткирилген. Саламаттык сактоо министрлиги «Франц-пресс» агенттигине Тегеран эки миллион доза вакцина сатып алганын кабарлаган.

Өткөн аптада "Lancet "медициналык журналына чыккан илимий макалага ылайык, «Спутник V» вакцинасынын эки дозасы коронавируска 91,6% туруштук бере алат.

Расмий маалыматтарга караганда, Иранда коронавирус 1,4 миллион адамга жугуп, 58 миңден көп адамдын өмүрүн алган. Айрым эксперттер бул сан алда канча жогору болушу мүмкүн экенин боолгошот.

XS
SM
MD
LG