Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:27

Бишкектин вице-мэри Азизбек Алымкулов иштен кеткени кабарланды


Азизбек Алымкулов. Аохивдик сүрөт.
Азизбек Алымкулов. Аохивдик сүрөт.

Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда шаардык кеңештин жыйынында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Түлөбаевдин айтымында, ал башка кызматка дайындалды, ордуна талапкерлер каралууда.

Алымкулов мэрияда шаардын транспорт маселесине жооптуу вице-мэр болчу. Коронавирус эпидемиясы жаңы башталган айларда шаарды дезинфекциялоо, коомдук жайлардын ишин көзөмөлдөө милдетин аткарган.

Бишкек мэриясында биринчи вице-мэрден тышкары ар бир багытты тейлеген төрт вице-мэр бар. Быйыл апрель айында шаардык кеңешке шайлоо өтөт. Эреже боюнча, жаңы шайланып келген депутаттар мэрди шайлоо маселесин карашат. (RK)

XS
SM
MD
LG