Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Бишкек: Кытай грантынын эсебинен жолдорду оңдоо 15-мартта башталат


Бишкектин көчөлөрү. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектин көчөлөрү. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык башкармалыгы Кытайдын өкмөтү берген гранттын эсебинен борбордогу ички жолдорду оңдоо 15-мартта кайра баштала турганын маалымдады.

Шаардагы жолдорду өнүктүрүү үчүн берилүүчү гранттын экинчи фазасында 2022-жылга чейин жалпы 60ка чукул көчөнүн жолу оңдолот.

Мэрия жарыялаган тизмеге ылайык, Сухэ Батор көчөсүнөн С.Каралаев жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнө, Ташкент көчөсүнөн Ж.Турусбеков жана Тоголок Молдо көчөлөрүнө, Жунусалиев көчөсүнөн Абдрахманов жана Арча-Бешик конушундагы Масалиев көчөсүнө, Стадион көчөсүнөн Абдрахманов, Ынтымак жаңы конушундагы Магистралга, Көкчетавский көчөсүнөн М.Ганди жана Тоголок Молдо көчөсүнө, Койбагаров көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин жана Каралаев көчөсүнө; Фере көчөсүнөн Тоголок Молдо жана Курманжан Датка көчөсүнө, Буденный көчөсүнөн Чүй жана Жибек Жолу проспектине, Огонбаев көчөсүнөн Ибраимов жана Осмонкул көчөсүнө чейинки тилкелер оңдолот.

Мындан тышкары, Ак-Ордо, Ынтымак, Арча-Бешик жаңы конуштарына барган негизги көчөлөр да жаңыланат.

Бишкектин жолдорун оңдоонун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Бул учурда беш көпүрө, жалпы узундугу 70 чакырымдык 60 көчө оңдолот. Мэрия көчөлөрдүн баарына сугат арыктары, тротуарлар коюлуп, кеңейтилерин кабарлады. (BCh)

XS
SM
MD
LG