Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Улукбек Марипов Төрткүл суу сактагычы боюнча өз сөзүнө түшүндүрмө берди


Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

Премьер-министр Улукбек Марипов расмий видеокайрылуу таратып, Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычына байланыштуу анын сөзү бурмаланып кеткенин билдирди.

«Эң оболу өкмөт башчылыкка талапкер катары, Кыргызстандын патриот жараны катары ушул маселени айтып коюу ниетим болгон. Муну ошол жерде жашаган, Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары абдан жакшы түшүнүп турат. Бул жерде сөз Ак-Сай айылындагы Кайырма каналы, суукампадан 500-600 метр жогору турган, кошуна өлкөгө тиешелүү канал, андан сырткары Ак-Суу каналы жөнүндө сөз болгон. Бирок, тилекке каршы, кээ бир күчтөр муну туура эмес жакка бурганга аракет кылышы мүмкүн. Мен муну толук түшүнөмүн. Менин оюмча биз ушул маселени биздин өлкөнүн кызыкчылыгына чечиле тургандай мыйзамдуу жол менен карашыбыз керек»,-деди ал кайрылуусунда.

Ал Төрткүл суу сактагычын жана анын башкы кампасын стратегиялык объектилердин катарына киргизүү боюнча президент Садыр Жапаровго, Коопсуздук кеңешинин катчылыгына сунуш берерин кошумчалады.

3-февралда парламентте өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралып жатканда Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып аталган суу сактагычына кирген каналдын башы коңшу өлкөгө өтүп кеткенин айткан. «Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башын да, тилекке каршы, алдырыптырбыз. Мен бул боюнча да тактадым. Бул жерде стратегиялык маселелер бар»,-деген ал күнү Марипов.

4-февралда айрым эл өкүлдөрү бул боюнча депутаттык комиссия түзүп иликтөөнү сунушташкан. 5-февралда Баткенде облустук администрациянын алдында 250-300дөй адам нааразылык акциясына чыгып, Марипов сөзүн кайра артка алып, жаңылыш айтып алганын моюнуна алуусун, расмий билдирүү таратышын талап кылышкан.

Кыргыз өкмөтүнүн аппараты Төрткүл суу сактагычына байланыштуу түшүндүрмө берип, суу сактагыч жана ага кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү экенин билдирген.

Төрткүл суу сактагычы Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен тилкесинде жайгашкан. Ал 11 миң гектар жерди суу менен камсыз кылат. (ErN)

XS
SM
MD
LG