Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

"Лейпциг" - "Ливерпуль" клубдарынын беттешүүсү Будапештте өтөт


Будапешттеги Пускас Арена
Будапешттеги Пускас Арена

Чемпиондор Лигасынын эмки айлампасында Германиянын "Лейпциг" жана Англиянын "Ливерпуль" клубдарынын матчы Будапештте өтмөй болду. Мындай чечимди УЕФА 7-февралда, немис бийлиги COVID-19 протоколуна байланыштуу англис оюнчуларына өлкөгө кирүүгө уруксат бербей койгондон кийин кабыл алды. Беттешүү 16-февралда Германияда өтмөк. Ал эми коронавирустун жаңы штаммы чыккан аймактан келгендерге 17-февралга чейин чектөө киргизилген.

УЕФАнын билдирүүсүндө оюн Будапешттеги Пускас Аренада өтөрү айтылат. Уюм ошондой эле эки клубга мунаса табуудагы кызматташтык үчүн жана матчты өткөрүүгө макул болгон венгер тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Германиянын дагы бир командасы Боруссиянын "Мөнхенгладбах" да англиялык "Манчестер Ситиге" каршы оюнду, чектөө узартылса, башка жерге которууну караштырууда.

XS
SM
MD
LG