Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Беларуста блогер 4,5 жылга кесилди


Беларустун Минск шаардык соту блогер Павел Спиринди 4,5 жыл күчөтүлгөн режимдеги абакка кести.

Дал ушундай айыпты прокуратура 36 жаштагы блогерге жаза катары сураган. Спиринге карата «социалдык кастыкты атайлап козутуу» деген берене боюнча айып тагылган. Ал былтыр сентябрда кармалып, камакка алынган.

Блогерге кылмыш иши "YouTube" порталына жайгаштырган эки тасмага байланыштуу козголгон. Спирин өзү иликтөө деп атаган тасмада Беларустагы наркотрафик жөнүндө сөз болот. Аны экстремисттик материалдар тизмесине киргизген.

Экинчи тасма өткөн жылдын 9-августундагы өлкөдөгү нааразылык акциялардын жүрүшүн баяндайт. Сот залында блогер алты күзөт кызматынын кайтаруусунда темир тор ичинде отурду.

1-февралда жараянда акыркы сөзүндө Павел Спирин андан эркиндигин, энесине, үй-бүлөсүнө жардам берүү мүмкүнчүлүгүн бийлик тартып алганын айтты. Ал күнөөсүн моюнуна албай, журналисттик ишмердиги үчүн куугунтукка кабылганын билдирди.

XS
SM
MD
LG