Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

Зулушев: Тартип комиссиясы уруксат берсе Калиева боюнча тергөө уланат


Курманкул Зулушев. 5-февраль, 2021-жыл. Бишкек.
Курманкул Зулушев. 5-февраль, 2021-жыл. Бишкек.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-февралдагы басма сөз жыйында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева боюнча суроолорго жооп берди.

Башкы прокурордун айтымында Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы уруксат берсе, Калиевага карата тергөө иштери уланат. Ал Жогорку соттун төрайымын "атайлап куугунтуктоо аракети болушу мүмкүнбү?" деген суроого мындай жооп кайтарды:

"Тилекке каршы, ушул кылмыштын айынан сот органдары маалыматтык системага кошулбай калып, иш аксап турат. Эгер Тартип комиссиясы уруксат берсе Гүлбара Калиева боюнча тергөө уланат", - деди Зулушев.

УКМК былтыр декабрда Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча аныкталган коррупциялык схемага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин билдирген. Эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын кабарлаган. Жогорку сот жана төрайым өз дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, ага катышы жоктугун айтып келет.

Мурдараак Башкы прокуратура Гүлбара Калиеваны жоопко тартуу тууралуу сунуштаманы Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына жөнөткөн.

Бирок Тартип комиссиясы анын саламаттыгына байланыштуу Башкы прокуратуранын сунушун карай элек.

4-февралда атайын кызмат Гүлбара Калиева менен Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасына карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен дагы бир сотко чейинки өндүрүш иши башталганын жарыялады.

Калиева 2018-жылдын сентябрынан бери Жогорку сотту башкарып келатат. (NT)

XS
SM
MD
LG