Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Депутат Жумалиев эки айга камалды


Кубанычбек Жумалиев.
Кубанычбек Жумалиев.

4-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин бөгөт чарасын аныктап, 4-апрелге чейин камакта калтырды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирип, депутатка Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголгонун кабарлады.

УКМКнын маалыматына караганда, Эл аралык медициналык университеттин ишмердүүлүгүнө лицензия берүүдө Жумалиев менен Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги катышкан туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

Мындан тышкары, маалыматта Жумалиевге байланыштуу адамдар кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштырганы, салык төлөөдөн баш тартып, мыйзамсыз байыганы боюнча фактылар аныкталганы айтылат.

Атайын кызмат 78ге жакын кыймылсыз мүлк объекттери табылганын кошумчалады. Мурда Жумалиев менчиктештирип кийин анын туугандарына жана байланышы бар адамдарга өтүп кеткен «Таатан», «Гоин» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кендер, темир жана болот заводу, телерадиокомпания аныкталды

Былтыр 4-ноябрда Финансы полициясы «Таатан», «Гоин» соода борборлорунда жана Жумалиевге таандык делген менчик жогорку окуу жайында тинтүү жүргүзгөн.

Депутат өзү буга чейин коюлган дооматтын барын четке каккан. Атайын кызматтын соңку билдирүүсү тууралуу жактоочусу маалымат бере элек.

Кубанычбек Жумалиев 1998-2004-жылдар аралыгында транспорт жана байланыш министри, премьер-министр болуп иштеген. 2015-жылы «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG