Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:27

Баш мыйзамдын жаңы долбоору лингвистикалык экспертизадан өтүп жатат


Кыргызстандын Конституциясы.
Кыргызстандын Конституциясы.

Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип жазылган Баш мыйзамдын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин лингвистикалык экспертиза боюнча бөлүмүндө каралууда.

Бул тууралуу «Азаттыкка» парламенттин басма сөз кызматынын өкүлдөрү 4-февралда билдиришти. Маалыматка караганда, лингвистикалык экспертизадан өткөндөн кийин долбоор парламенттин аппаратынын башка бөлүмдөрүндө талкууланат. Андан кийин коомдук талкууга коюлуп, Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланат. Анын мөөнөтү азырынча белгисиз.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун үстүндө эки айдан ашуун иштеген конституциялык кеңешме 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген.

Аталган кеңешме долбоорду 27-январда кабыл алган.

Анда президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. Президент аткаруу бийлигин жетектейт, министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктайт, президенттин администрациясын, Коопсуздук кеңешин түзөт жана башкарат. Мындан тышкары башкы прокурорду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун жетекчилерин, судьяларды дайындайт. Өзүнүн демилгеси менен референдум жарыялай алат. Мыйзам чыгаруу укугуна да ээ.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга коюп, 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүлгөн болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG