Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:43

Евробиримдиктин комиссары Боррел Орусияга келет


Жозеп Боррелл
Жозеп Боррелл

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррелл 4-февралда Орусияга үч күндүк сапар менен келет. Бул сапар оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный эркинен ажыратылып, нааразылык акциялары учурунда миңдеген адамдардын кармалышынан улам Батыш өлкөлөрү Москваны кескин сындап жаткан учурга туш келди.

Навальный жана соңку акциялар учурундагы бийликтин кескин аракеттери Боррелдин Орусиянын жетекчилиги менен жолугушуусундагы негизги тема болору күтүлүүдө.

Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесинин башчысы сапардын жүрүшүндө орус бийлигине абдан ачык жана кескин ишараларды берерин билдирген. Ал 2017-жылдан бери биринчи жолу Орусияга келе жаткан Евробиримдиктин жогорку даражалуу өкүлү болуп калат.

Орус президенти Владимир Путинди жана анын айланасын коррупцияга, мыйзамсыз баюуга, уурулукка айыптап, муну ондогон иликтөөлөрү менен ашкерелеген Алексей Навальный 17-январдан бери камакта отурат. Ал Берлинден кайтары менен Москвада аэропортто кармалып, абакка жөнөтүлгөн.

Саясатчы былтыр августта «Новичок» тобундагы химиялык зат менен ууландарылышына Федералдык коопсуздук кызматы кириптер, алар Путиндин буйругун аткарышкан деп эсептейт.

Мындан соң бир катар Батыш өлкөлөрү орус бийлигине кайрылып, Навальныйды бошотууга чакырды. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыш бул маселеде ашыкча кеткенин билдирип сындаган.

Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Брюссел менен мамилени өнүктүрүү үчүн колдон келгенин жасоого даяр экенин, бирок "Кремль Навальныйдын маселеси боюнча кеңештерди угууга даяр эмес экенин" билдирген.

XS
SM
MD
LG