Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Дүйнөлүк демократия индексинде Кыргызстанда артка кетти


Көк - Толук демократиялуу, көгүш - толук эмес демократиялуу, сары - Гибрид режимдеги, кызгыл жана кызыл - Авторитардык режимдеги мамлекеттер.
Көк - Толук демократиялуу, көгүш - толук эмес демократиялуу, сары - Гибрид режимдеги, кызгыл жана кызыл - Авторитардык режимдеги мамлекеттер.

Кыргызстан дүйнөдөгү 167 мамлекеттин арасындагы демократиялык рейтингде 107-орунду ээлеп, бир жыл мурункудан алты тепкич артка кетти.

Лондондо жайгашкан “The Economist Intelligence Unit” уюму чыгарган демократия индексине ылайык, “Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө авторитардык эмес жападан жалгыз өлкө, бирок авторитаризмге жакындап бараткан мамлекет” деп мүнөздөлдү.

“Кыргызстанда октябрдагы оңунан чыкпай калган парламенттик шайлоо өлкөдөгү демократиялык принциптердин туруктуу бузулушун/эрозиясын андан ары күчөттү”, - деп белгиленет баяндамада.

Рейтинг “Толук демократиялуу”, “Толук эмес демократиялуу”, “Гибрид режимдеги” жана “Авторитардык режимдеги” мамлекеттер деп төрткө бөлүнгөн. Кыргызстан “Гибрид режимдеги” өлкөлөрдүн катарын толуктаган.

Норвегия, Исландия, Швеция, Жаңы Зеландия жана Канада демократиялуу мамлекеттер деп табылган.

Көрсөткүчү эң начар беш өлкө – Чад, Сирия, Борбордук Африка Республикасы, Конго Демократиялык Республикасы жана Түндүк Корея.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан 128, Өзбекстан 157, Тажикстан 159, Түркмөнстан 162-орунда.

"The Economist Intelligence Unit (EIU)" - "Economist Group" компаниясынын изилдөө жана талдоо жүргүзүүчү бөлүмү.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил партиялардын жеңип чыгышы нааразылыктарга себеп болгон. Тынчтык митингдери башаламандык менен коштолуп, бийликтин алмашуусу менен аяктаган. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. (SE)

XS
SM
MD
LG