Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:54

АКШ: Мигранттардын балдары ата-энелерине кайтарылат


АКШ менен Мексиканын чек арасында тартылган сүрөт.
АКШ менен Мексиканын чек арасында тартылган сүрөт.

2-февралда АКШнын президенти Жо Байден иммиграциялык саясат жаатындагы үч жарлыкка кол койду. Алардын алгачкысы Мексика менен чек арада мигрант ата-энелеринен ажыратылган балдарды кайра бириктирүүнү көздөйт.

Чек арада ажыратылган эне-бала

32 жаштагы мигрант эне Кристи Бризуэла эки жылдан бери Мексика менен АКШнын чек арасында күн кечирип келет. Ал эки жыл мурда Гондурастагы жакырчылыктан улам Америкага барып жан багууну көздөп, уулун жетелеп жолго чыккан. АКШ менен Мексиканын чек арасында Кристинин баш паанек сураган документтерин алышкан соң, америкалык чек арачылар баласын алып калып, өзүн Мексиканын аймагында сот өкүмүн күтүү үчүн чыгарып коюшкан.

Ал лагердеги баласы менен күнүгө телефон аркылуу сүйлөшүп турат. Көзүнө жаш алган эне «Рейтерс» агенттигинин кабарчыларына уулун сагынганын айтып берди.

«Балам «апа, эмнеге сени мага коё беришпейт?»,-деп сурайт. Менин жүрөгүм тилинип турат, ар бир эне өз баласы менен болгусу келет. Мен АКШнын бийлигин мага балам менен чогуу болуума уруксат берүүсүн суранам. Мен уулумду эки жылдан бери көрө элекмин»,-дейт ал.

Кристи сыяктуу Мексиканын Сьюдад-Хуарес шаарында он миңдеген башпаанек издеген жарандар жана мигранттар Американын аймагына кире албай турушат.

Эне-бала жакында көрүшүп калышы деле мүмкүн.

Байден кол койгон жарлыктар

АКШнын президенти Жо Байден 2-февралда бир катар иммиграциялык жарлыктарга кол койду. Анын арасында мыйзамсыз мигрант ата-энелерди балдары менен бириктирүү боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу да жарлык бар.

«Мурдагы администрация ата-энелердин колунан балдарын жулуп алган. Муну менен алар улутту уят кылды. Биз мунун үстүнөн иштейбиз».

Президент мигрант ата-энелерди балдары менен кайрадан бириктирүүнү 2020-жылдагы шайлоо өнөктүгүнүн маалында эле убада кылган.

АКШнын басма сөз каражаттарына чыккан маалыматтарга ылайык, 600дөй бала ата-энелеринен ажыратылган. Алар учурда туугандарынын үйүндө, лагерлерде же асырап алган үй-бүлөлөрдө турушат. «Би-би-си» жазгандай, соңку төрт жылда чек арада ата-энесинен 5,5 миңдей бала бөлүнгөн.

Ата-энелерди балдары менен бириктирүү боюнча жумушчу топту Алехандро Майоркаса жетектейт. АКШ Сенаты аны 2-февралда Ички иштер министрлигинин башына бекитти. Ал бул кызматты ээлеген алгачкы латынамерикалык болуп калды.

Ошондой эле Байден Америкадан баш паанек алууну көздөп, Мексикада сот өкүмүн күтүп жаткан он миңдеген мигрантты “АКШнын аймагына алып кирүү үчүн коопсуз жана ырааттуу стратегия” ойлоп табууну сунуштады.

АКШ президенти Жо Байден. 28-январь, 2021-жыл.
АКШ президенти Жо Байден. 28-январь, 2021-жыл.

Трамптын «нөл сабырдуулук» программасы

Чек арадан мыйзамсыз өткөн мигранттарды балдарынан ажыратуу саясаты 2018-жылы мурдагы президент Дональд Трамптын маалында башталган. Анын «нөл сабырдуулук» программасына ылайык, чек араны мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган ар бир адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган же өлкөдөн чыгарылган. Балдарын ээрчитип келаткандардын балдары бөлүнүп, өзүнчө борборлорго жайгаштырылган.

Трамп өзү муну «өлкөнү мигранттардын лагерине айлантууга жол бербөө» максатында кабыл алынган кадам катары түшүндүргөн. Ошол кездеги администрациянын мындай саясатын БУУ баштаган эл аралык уюмдар сынга алып, балдардын укугун коргоого чакырышкан.

XS
SM
MD
LG