Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:41

Коронавирус жугузуп алгандар кайра көбөйдү


Коронавирусту аныктаган лабораториялардын бири. Бишкек шаары.
Коронавирусту аныктаган лабораториялардын бири. Бишкек шаары.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус Бишкекте дагы бир бейтаптын өмүрүн кыйды. Саламаттык сактоо министрлигинин 3-февралдагы маалыматына караганда, бир күндө вирус 116 кишиден жаңы аныкталды. Бул көрсөткүч акыркы күндөргө салыштырмалуу көп.

Акыркы беш-алты күндөн бери вирус 50-80 кишиден табылып жаткан. 1-февралда 59, 2-февралда 58 адамдан оору жаңы аныкталган.

Пандемияда илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча жалпы 1415 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып келген. Бирок бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Өлкөдө COVID-19 пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 84 762 киши болду. Анын 81 232си сакайган.

Бир күндө ооруканалардан 130 бейтап айыгып чыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG