Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:13

Блинкен: Ак Үй Орусияга каршы ыктымал аракеттерди караштырып жатат


Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жо Байдендин администрациясы Орусияга каршы ыктымал аракеттерди караштырып жатканын билдирди. 1-февралда көргөзүлгөн телеинтервьюда мамкатчы Орусияда жекшембиде болгон нааразылык акцияларынын катышуучуларына каршы колдонулган зомбулукка кабатырланганын айтты.

Орус Тышкы иштер министрлиги акциялардын артында Вашингтон турат деп эсептеп, аны өлкөнүн ички иштерине чоң кийлигишүү катары баалап келет.

«Орус өкмөтү биздин тиешебиз бар деп эсептесе, бул чоң жаңылыштык. Кеп алардын өзүндө, өкмөтүндө. Кеп орус элинин коррупцияга, автократияга нааразылыгы жөнүндө жүрүп жатат. Сырттан бирөөнү издебей, ички маселелерди карашсын», - деди мамкатчы «NBC News» каналына.

Блинкен Москвага каршы кандай санкциялар салынышы мүмкүн экенин айткан жок. Башкы дипломаттын айтымында, Навальныйдын ууландырылышына, Орусиянын АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсүнө, киберчабуулдарга жооп караштырылып жатат

Ошол эле интервьюсунда Блинкен Кытайдын Гонкгонг саясатын сындады жана Ирандын атомдук программасына байланышкан маселеге кайрылды.

XS
SM
MD
LG