Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Казакстанда коронавирустан эмдөө башталды


Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги "Pfizer/ BioNTech" компанияларынын вакцинасын алуу жөнүндө сүйлөшүүнү улантып жатат. Бул тууралуу 1-февралда башкы санитардык дарыгер Ерлан Киясовго шилтеме менен жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Адистин айтымында, экинчи жарым жылдан тартып вакцина Казакстанга жеткириле баштайт деп болжолдонууда. Алдын-ала макулдашуулар бар.

Бүгүн кошуна өлкөдө коронавирустан эмдөө өнөктүгү башталды. Маалыматтарга караганда, Киясовго орусиялык «Спутник V» вакцинасы сайылды. Биринчилерден болуп иммунизациядан мугалимдер, дарыгерлер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери өтмөкчү. Бийлик жыл аягына чейин 6 миллион кишини эмдөөнү пландап жатат.

Ошол эле маалда Батыштагы айрым окумуштуулар орусиялык вакцинанын клиникалык сыноосу жабык өткөнүн айтып, анын натыйжалуулугунан күмөн санап турушат. Керектүү сыноолор аяктай электе катталган препаратты Москва коопсуз деп баалайт.

Казакстан өзүнүн вакцинасын да расмий каттоодон кийин колдонгону жатат. «QazCovid-in» акыркы сыноодон өтө элек.

XS
SM
MD
LG