Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Башкы прокуратура Навальныйдын шарттуу жазасын алмаштырууну жактайт


Алексей Навальный. 28-январь, 2021-жыл.
Алексей Навальный. 28-январь, 2021-жыл.

Орусиянын Башкы прокуратурасы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды «Ив Роше» иши боюнча шарттуу эмес реалдуу мөөнөткө кесуу тууралуу талап негиздуу деп эсептейт жана бул позицияны сотто карманарын билдирди. Андай талап менен Жаза аткаруу боюнча федералдык кызмат кайрылган.

18-январда Химкиде өткөн сот Навальныйды 15-февралга чейин СИЗОго камаган. 2-февралда анын шарттуу мөөнөтүн реалдууга алмаштыруу тууралуу талап сотто каралмакчы.

Жайында Орусияда ууландырылып, Германияда дарыланган оппозиционер 17-январда Москвага учуп келген жеринен кармалган. Жаза аткаруу мекемеси Навальный сыноо мөөнөтүнүн шарттарын бузду деп 29-декабрда ага издөө жарыялаган. Сыноо мөөнөтү 30-декабрда аяктаган, ал эми «Ив Роше» ишине байланышкан 2014-жылкы өкүмду Европанын адам укуктары боюнча соту мыйзам бузуу менен чыгарылган деп эсептейт. Ошондо Навальный 3,5 жылга шарттуу кесилген.

23 жана 31-январда Орусиянын жер-жерлеринде оппозиционерди колдогон акциялар өттү. Полиция катышуучуларга каршы аёсуз күч колдонду. Маалыматтарга караганда миңдеген киши кармалды.

XS
SM
MD
LG