Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Көпчүлүк коалиция өкмөт башчылык кызматка Мариповду сунуш кылды


Улукбек Марипов парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында. 1-февраль, 2021-жыл.
Улукбек Марипов парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында. 1-февраль, 2021-жыл.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция 1-февралдагы жыйынында премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин көрсөттү.

Анын талапкерлигин жыйынга катышкан депутаттардын баары колдоду.

Улукбек Марипов өзүнүн пландары тууралуу маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Кызматка келсе олуттуу реформаларды жасай турганын, өкмөттүн курамын кыскарта турганын билдирди. Ал бүгүнкү жыйында өкмөттүн түзүмү менен курамын тааныштырган жок. Коалиция колдоп берсе, кечирээк аны даярдап, спикерге киргизерин айтты.

Көпчүлүк депутаттар Марипов оор убакта өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жатканын, анын алдында олуттуу жоопкерчилик турганын эске салышты.

Маселе эми парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине жиберилет. Андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Ушул тапта премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарууда. Президент Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда 10-январда өткөн президенттик шайлоонун алдында өкмөт башчылык кызматты убактылуу токтоткон. Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин 21-январда премьер-министрлик кызматты тапшырып, азыр иштеп жаткан өкмөт кызматтан кеткен.

Новиков башында турган аткаруу бийлиги өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин иштеп турат.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары кирет.

«Өнүгүү-Прогресс», «Ата Мекен» фракциялары оппозициялык азчылыкты түзөт.

Улукбек Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн. 2001-жылы ОшТУ жана ОшМУ окуу жайларын Финансы жана насыя, юриспруденция адистиктери боюнча бүтүргөн. 2001-2002-жылдарда Финансы министрлигинде биринчи категориядагы адис катары мамлекеттик органдардагы ишин баштаган.

2002-2003-жылдарда Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитетте төраганын жардамчысы, 2003-2005-жылдары Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы (Ред.: 2003-2005-жылдары облустук администрацияны издөөдө жүргөн мурдагы депутат, экс-вице-премьер Аскарбек Шадиев жетектеген), 2005-2006-жылдар Жогорку Кеңештин депутатынын кеңешчиси (Ред.: резюмеде кайсы депутат экени көрсөтүлгөн эмес, Шадиев 2005-2007-жылдарда III чакырылыштагы парламенттин депутаты, Марипов ага кеңешчи болгон).

2006-2010-жылга чейин президенттик аппараттын бөлүмдөрүндө эксперт, 2010-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын башчысы, 2010-2011 өкмөт аппаратынын инспектору, 2011-2015-жылдарда президенттин жардамчысы, 2015-2016-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.

2016-жылы 18-мартта Эсеп палатасына аудитор болуп ишке орношуп, бир күндөн кийин эле төрагасы болуп дайындалган, ошондон бери бул кызматта иштеп келаткан.

Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Ноокат райондук ооруканасынын азыркы башкы дарыгери Асамидин Мариповдун уулу.(NT)

XS
SM
MD
LG