Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Ооганстанда уурдалган америкалыктын туугандары Байденге кайрылышты


Ооганстанда уурдалган америкалык жаран Марк Фрехеристин ФБР жарыялаган сүрөтү.
Ооганстанда уурдалган америкалык жаран Марк Фрехеристин ФБР жарыялаган сүрөтү.

Бир жыл мурда Ооганстанда уурдалган америкалык инженер Марк Фрехеристин туугандары Байденге кайрылышты. Алар Марк бошотулмайынча, Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгарбай турууну 31-январда талап кылышты.

АКШнын расмий органдары Фрерихс «Талибан» кыймылына байланышы бар «Хаккани» түйүнүнүн туткунунда деп эсептешет. Талибдер бул боюнча ачык үн катыша элек.

Инженердин эжеси Шарлин Чакора Марк дагы эле тирүү деп үмүттөнүшөрүн "Associated Press" агенттигине айткан.

Байдендин администрациясы мурдараак «Талибан» кыймылы менен АКШ ортосунда былтыр түзүлгөн келишимди карап чыгышарын, талибдер өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай жатат деген кооптонуулар бар экенин билдиришкен. Ал келишимде талибдер ок атышууну токтотуп, «Ал-Каида» террордук тобу менен бардык байланыштарын үзмөк. АКШ болсо Ооганстандагы аскерлерин быйыл майга чейин чыгарып кетмек.

АКШнын Мамдепартаменти Фрехерис жана 2014-жылы уурдалган америкалык жазуучу Пол Оверби тууралуу маалымаат үчүн беш миллион доллар сый акы берүүнү убада кылган.

XS
SM
MD
LG