Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:39

Прокурор Өмүрзаков өлкөдөн чыкпоо тил каты менен бошотулду


Улукбек Өмүрзаков.
Улукбек Өмүрзаков.

Рейдерлик кылмышка шектүү катары кармалган Ош облусунун прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаков өлкө аймагынан чыкпоо тууралуу тил кат менен камактан бошотулду. Мындай чечимди 30-январда Биринчи май райондук соту чыгарганын “Азаттыкка” анын адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады. Анын айтымында, буга чейин адвокаттар Өмүрзаковду үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылышкан.

Өткөн жылы 12-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Өмүрзаков Ош облусунун аймагындагы көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алууну уюштурууга тиешеси болушу мүмкүн деген негизде кармалганын маалымдаган. 5-ноябрда Өмүрзаков өзүн каралоо жүрүп жатканын билдирген.

3-ноябрда ошол кезде президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда жергиликтүү тургун Канназар Ыдырысов Өмүрзаковдордун үй-бүлөсү тууралуу даттанган. Жапаров анын айткандарын «жергиликтүү бийлик текшерип, карасын» деп жооп берген. Ыдырысов мындан кийин ага карата кысым болуп жатканын айтып чыккан.

Улукбек Өмүрзаков - ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси. (TSh)

XS
SM
MD
LG