Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Кыргызстан “Европа Биримдиги – Борбор Азия” экономикалык форумунун катчылыгын түзүүнү сунуштады


Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Равшанбек Сабиров өкмөт мүчөлөрү менен БУУнун Борбор Азиядагы өкүлү Петер Буриандын жолугушуусу. 30-январь, 2021-жыл.
Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Равшанбек Сабиров өкмөт мүчөлөрү менен БУУнун Борбор Азиядагы өкүлү Петер Буриандын жолугушуусу. 30-январь, 2021-жыл.

Кыргызстандын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Равшанбек Сабиров Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча өкүлү Петер Буриан менен жолугушуу учурунда Бишкекте “Европа Биримдиги – Борбор Азия” экономикалык форумунун катчылыгын түзүүнү сунуштады.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Эки тараптын жолугушуусу 30-январда өттү.

Сабировдун айтымында, катчылык жылына форумду өткөрүүгө даярдык көрүү, чөлкөмгө пайдалуу долбоорлорду тандоо жана даярдоо менен алектенет. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу демилгени коңшу өлкөлөр жана Евробиримдик колдоруна ишенерин белгиледи.

Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча өкүлү Петер Буриан Кыргызстан менен мыйзам үстөмдүгү, билим берүү, гендерлик теңчилик багытында иштешүүгө даяр экенин билдирди.

5+1 форматындагы Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу жыл сайын уюштурулуп жүрөт. Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтык 1999-жылы башталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG