Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Баш калаанын деталдуу планы жокко чыкты


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкектин Административдик соту жарандык активисттердин арызын канааттандырып, Бишкек шаардык кеңешинин баш калаанын деталдуу пландоо долбоору боюнча токтомун жараксыз деп тапты.

Доогер тарап 2019-жылы ачык талкууланбай бекитилип, коомчулукка ачык жарыяланбай келген долбоордо мыйзамсыз курулуштарды мыйзамдаштырган коррупциялык тобокелчиликтер көп деген негизде сотко кайрылган. Анда курулуш компанияларынын кызыкчылыгы үстөмдүк кылганы айтылды.

Сот арызды канааттандырды

Бишкектин административдик соту 27-январда баш калаанын борбордук аймагынын деталдуу планын бекиткен шаардык кеңештин 2019-жылдын 25-декабрындагы №123 токтомун жараксыз деп табуу тууралуу жарандык активисттердин арызын карап, аны толугу менен канааттандырды. Соттун чечими күчүнө кирсе, долбоор жокко чыгарылат. Бул маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы ырастады.

Сотко арызданган тарап шаар курулуштарынын иретин ичине камтыган Бишкектин деталдуу пландоо долбоору жабык иштелип чыгып, аны шаардык кеңеш мыйзамды бузуу менен бекиткен деген доомат койгон.

Арыз ээлеринин бири, юрист Эрик Ирискулбеков документ мыйзамсыз курулуштарды мыйзамдаштырууну көздөп, жеке курулуш компанияларынын кызыкчылыгына багытталып калганын айтты:

«Шаардык кеңеш ДПД боюнча токтомду мыйзамсыз чыгарып алды. Ачык талкуу болгон жок. Аны иштеп чыгуу жабык болду. Көрсө ДПД аркылуу буга чейин мыйзамсыз түшкөн курулуш объектилерин мыйзамдаштыруу аракети жүргөн экен. Келечекте да ошондой мыйзамсыз курулуштарды жүргүзүүгө жол ачып алышкан экен. Бул жерде уятсыз курулуш компаниялары шаар бийлиги жана айрым архитектура адистери менен келишип алышып, мыйзамсыз курулуштарды ДПДга мыйзамсыз отургузуп алышып, «бул курулуш объектиси ДПДда бар» деген негизде мыйзамсыз түшкөн көп кабаттуу турак жайларын жана соода борборлорун мыйзамдаштырып алышкан. Биз башында эле «бул долбоор коррупциялык тобокелчиликтерге жык толгон» деп айтып чыккан элек. Ошондой эле болду. Анткени мында курулуш лоббиси бар. Бишкек шаардык кеңешинде курулушчу лоббист депутаттар бар. Андан сырткары кызыкдар курулуш компаниялары да шаардык кеңеш менен мэрияга таасир этип, токтомду бекитишкен болчу».


Бишкек мэриясы шаардык кеңеш тарабынан бекитилген борбордун деталдуу пландоо долбоорун коомчулукка ачык жарыялоону буга чейин кечеңдетип келген. Доогер тараптын айтымында, деталдуу пландоо долбоорун иштеп чыгууга шаар калкынын калың катмары катышкан эмес. Бишкектин 2006-жылы кабыл алынган он жылдык Башкы планы боюнча шаарда 1 адамга 25 чарчы метр жашыл аймак туура келиши керек болчу, азыр бул көрсөткүч 4 гана чарчы метрди түзүп калган.

Юрист Эрик Ирискулбеков тарыхый-архитектуралык эстеликтер катары сактала турган эски курулуш объектилери долбоорго киргизилбей, алардын ордун көп кабаттуу коммерциялык жана турак жай курулуштары ээлеп калган мисалдар бар экенин айтты.

Ошондой эле ал экологиялык жана архитектуралык коопсуздук эрежелери сыяктуу шаар куруудагы негизги талаптар сакталбай калганын белгиледи:

«Бул ДПД баш калаадагы тарыхый-архитектуралык жана маданий мурас катары терең мааниси бар курулуш объектилерин коргоого албайт. Тескерисинче, «Нарын» рестораны, «Эркин-Тоо» басма үйү сыяктуу курулуш объектилерин бул долбоорго киргизишкен эмес. Анткени тарыхый эстеликтерди бузуп, алардын ордуларына башка коммерциялык негиздеги көп кабаттуу курулуштарды курууга кыртыш түзүп алышкан. Өздөрү көп кабаттуу турак жай курууга негиз түзүп алышып, бирок ошол эле кезде шаардыктар үчүн абадай керек болгон социалдык инфраструктура көңүл сыртында калган. Буга ошол эле социалдык, маданий багыттагы объектилердин курулуштары эске алынбай калганын айтсак болот. Экологиялык жана сейсмологиялык коопсуздук чаралары каралган эмес. Ошондуктан көп кабат үйлөрдү курууда шамалдын агымын тосуп калган учурларга тыюу сала турган ченемдер кирбей калган».


Бул маселени териштирген Бишкектин административдик сотуна баш калаанын борбордук аймагынын деталдуу планын бекиткен Бишкек шаардык кеңеши жоопкер катары чакыртылган. Анткени шаардык кеңештин депутаттары талкуусуз кабыл алган бул документ шаардыктардын нааразылыгын жаратып, аны кайрадан карап чыгуу талабы коюлган болчу.

Бишкек мэри Балбак Түлөбаев шаардык кеңешке долбоорду артына кайтаруу боюнча кат жолдой турганын айткан. Анткени прокуратура да андан кемчиликтер менен дал келбөөчүлүктөрдү таап чыккан. Анткени анда менчиктин кол тийбестигине шек келтирген учурлар бар экени айтылып, долбоор менен таанышуу көпчүлүккө жеткиликсиз болгон.

Жоопкерчиликти оодара салган органдар

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эрнист Докенов соттун чечими келсе, бул маселе териштириле турганын билдирди:

«Бул ДПДны мэрия даярдатып, биздин кароого сунуш кылган. Биз болгону аны өзүбүздүн токтом менен бекитип эле бергенбиз. Эми биздин оюбузча, бизге соттун чечими келсе, анда Бишкек шаардык кеңешинин президиуму чогулуп, сот чечиминде келтирилген материалдарды карап, анан долбоордо кайсы кемчиликтер кеткенин же кетпегенин аныктап чыгышыбыз абзел. Эгерде чынында эле кемчиликтер кетсе, анда аны кайра артына чакыртып алып, жокко чыгарып, анан кайра башынан оңдош керек. Эгерде долбоордо эч кандай деле мыйзам бузуу табылбаса, анда биз кийинки соттук инстанцияга апелляция бергенибиз дурус болот. Муну эми шаардык кеңеш чогулуп чечет».

Ошентип баш калаанын деталдуу пландоо долбоорундагы кетирилген кемчиликтер үчүн жоопкерчиликти шаардагы бир дагы бийлик органы өзүнө ала элек.


«Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Ринат Шамсутдинов мекеме бул маселе боюнча шаардык кеңеш менен мэриянын чечимин күтөрүн билдирди:

«Шаар тургундары Бишкек шаардык кеңеши менен соттошууда. Биздин позиция кандай? Азыр соттук териштирүүлөр жүрүүдө. Алдыда да бир топ соттук инстанциялар бар. Ошондуктан бул маселе шаардык кеңеш аркылуу гана чечилет. Биз буга комментарий бере албайбыз. Биз аткаруучу гана органбыз. Долбоорду биз даярдаган эмеспиз. Аны Мамлекеттик курулуш агенттигине караштуу долбоорлоо институту иштеп чыккан. Ага шаардык мэрия буюртма берген».

Шаардагы курулуш объектилери деталдуу пландоо долбооруна ылайык курулушу керектиги мыйзамда көрсөтүлгөн. Аны шаардык кеңеш бекитет. Ал эми бул ДПД шаардын Башкы планына дал келиши шарт. Башкы план өкмөт тарабынан бекитилет. Бул эки негизги документ шаар куруу тартибин жөнгө салат.

XS
SM
MD
LG