Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:24

Байден коронавируска каршы күрөштөгү чукул чараларды камтыган жарлыктарга кол койду


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШнын президенти Жо Байден кызматка киришкендин экинчи күнүндө коронавирус пандемиясы менен күрөш боюнча бир нече жарлыкка кол койду. 21-январда кол коюлган 10 жарлык коронавируска каршы эмдөөнү тездетүүгө, вирус аныктоочу тесттерди көбөйтүүгө жана беткап тагынууга милдеттендирүүгө багытталган.

Мындан ары четтен келген адамдар АКШга кирерде СOVID-19 вирусун жугузбаганын аныктаган тесттин жыйынтыгын көрсөтүп, белгилүү бир убакыт карантинде болуш керек.

Байден кызматка киришкен алгачкы 100 күндө коронавируска каршы 100 миллион доза вакцинаны өндүрүүгө убада берди. Бул 50 миллион адамды эмдөөгө жетет.

Кошмо Штаттардын президенти пандемия учурунда жабыркаган тармактар жана адамдарга жардам көрсөтүү боюнча Конгресс кабыл алган чечимдерди колдой турганын билдирген.

Жо Байден мурдагы президент Дональд Трамптан айырмаланып коронавируска каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүүнү өз программасындагы башкы багыт катары атаган. Ал пандемияга каршы федералдык өкмөттү катыштыруу менен улуттук стратегияны ишке ашырууну көздөйт.

20-январда ант берип кызматка киришкен Жо Байден ошол эле күнү мурдагы президент Дональд Трамптын чечимдерин жокко чыгарган 15 жарлыкка кол койгон. Алардын арасында АКШнын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыгуу боюнча чечимди жокко чыгарган жарлык да бар.

АКШ коронавирус жуккан жана каза болгон адамдардын саны боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, бул өлкөдө вирустан улам 400 миңден ашык адам каза болду.

XS
SM
MD
LG