Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Новиков: Жерүйдөн алгачкы алтын куйма кыш аяктагыча алынышы мүмкүн


Артем Новиков, премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер.
Артем Новиков, премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Талас облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Жерүй алтын кенине да барды. Ал жакында ишин жанданткан алтын кенинин иши менен таанышып, өкмөт кендин ишине колунан келишинче жардам берерин айтты:

«Кыргыз өкмөтү көмөк көрсөтөт. Мен кыштын аягына чейин Жерүйдөн алгачкы алтын куймасы алынат деген үмүттөмүн. Ал үчүн компания да кен иштетүүдө өзүнө алган милдеттерин аткарышы керек».

Артем Новиков мындан тышкары ишкана менен жергиликтүү калктын ортосунда да экономикалык байланыш тыгыз болушу зарыл экенин эскертти. Ал элди жумуш менен камсыз кылуу, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү маселесин да көтөрдү.

Новиков ошондой эле кен иштетүүчү ишканадан экологияны сактоону талап кылып, таштанды сакталуучу жайларды курууда чет өлкөлүк эксперттер менен кошо жергиликтүү өкүлдөрдү да тартууну сунуш кылды.

Жерүй алтын кенин «Альянс-Алтын» ишканасы 2015-жылдан бери иштетет. Ишкананын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Жерүй алтын кенинде 80 тоннадан ашуун алтын бар экени маалымдалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG