Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Дебаттын экинчи айлампасы: Садыр Жапаров дагы келген жок


Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Курсан Асанов, Элдар Абакиров жана Аймен Касенов. Талапкерлер дебатта бекитилген тартип боюнча жайгаштырылды.
Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Курсан Асанов, Элдар Абакиров жана Аймен Касенов. Талапкерлер дебатта бекитилген тартип боюнча жайгаштырылды.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы (КТРК) теледебатка негизги талапкер деп аталып жаткан Садыр Жапаров экинчи жолу келбей койду. Экинчи турдун биринчи беттешине беш талапкер – Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Курсан Асанов, Элдар Абакиров жана Аймен Касенов чыкты. Алар баары бир Жапаровго дооматтарын айтышты. Бул жолку дебаттын уюштуруучуларына да сын-пикир көп болду.

Келбеген талапкердин баяны

Теледебаттардын 6-январдагы чыгарылышына да адаттагыдай эле алты талапкер коюлган эле. Бирок алып баруучулар Амантур Шергазиев менен Зарина Уметалиева саясатчы Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолугушуп жүргөндүктөн келе албай калганын угузушту.

Андан кийин эле журналисттер Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) аларга кат келгенин кабарлашып, таймашка чыккандар башка талапкерлердин атына карата терс пикир айтпоосу керектигин эскертишти. Буга нааразылыгын айткан талапкерлер Адахан Мадумаров менен Курсан Асанов БШКнын кагазын көрсөтүүнү талап кылышты. Алар бир саамга дебатты баштабай турушту.

Адахан Мадумаров бир мүнөттүк кайрылуусунда дароо ушул маселеге кайрылды:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

«Башталбай жатып, бир эрежелерди киргизип, «ыйык инсандын» атын атап, сөз айтууга болбойт деп чыгышты. Дебат деген ушундай айтыш, бири-биринин кетирген кемчиликтерин айтат, тактайт. Аны жамандоо катары кабыл албаш керек. Биз бүгүн ким кандай максатта баратат, эмне үчүн баратат, эгерде өлкө жетекчиси болуп калса, Кыргызстанды кандай жол менен алып барат, экономикалык, социалдык, саламаттык сактоо программасы кандай деген темаларды талкуулашыбыз керек. Ошон үчүн дебат, калк таразасына түшөлү деп келип отурабыз. Шайлоочулар менен жолугушууга барганы үчүн мүмкүнчүлүгү жок деп, кайра-кайра актап жатасыңар. Биздин деле эл менен жолугушууларыбыз бар, бирок биз деле убакыт таап, элди сыйлап, келип олтурабыз».

Премьер-министрлик кызматты убактылуу токтотуп жарышка чыккан Садыр Жапаров 29-декабрда, дебаттардын биринчи туруна да келген эмес. Ал күнү Ысык-Көл облусунда шайлоочулар менен жолугушуп жүргөнү айтылган. Ал 6-январда Ош облусунун Кара-Суу районунда эл менен кездешип жатып, дебатка келбей калган себептерине токтолду.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Эмне себеп дегенде, теледебат дебат эмес эле «ушак дебат» болуп кетти. Көрдүңүздөр, ээ, акыйнек айтыш болуп жатат. Эгерде теледебаттарда ар бири программаларын көрсөтүп, «ушуну момундай жол менен аткарам, бул жол картам, мындай реформаларды жасайм» дегендей жарыш болсо, барсак болот эле. Анан теледебаттарга барып алып, үч саат алар менен акыйнек айтышып, ушактарды, жалган-жалааларды териштирип отурганча ар бир районду кыдырып, ошол убактымды айылдарга жумшап, эмне проблемалар бар, эртең шайлоодо өтүп, президент болуп калсам, ошолорду кантип ыкчам чече алам, деп ар бир район боюнча папке чогултуп жүрөм. Ошол пайдабы, же мен теледебатка барып, ушак айтышып отурганым пайдабы? Андан көрө эл кыдырган пайда, элге жакын болгон пайда. Мен коркконуман барбай жаткан жокмун, мен корккудай алар мени тиштеп албайт»,-деди ал.

Кезинде фаворит катары белгиленип жаткан талапкердин башкы телеканалга келбей койгонун коомчулукта, анын ичинде адистер арасында шайлоочуларды сыйлабастык катары баалагандар болгон. Экинчи жолку аракети да ушул сыяктуу кабылданды.

Талдоочу Гүлжигит Исаков бул жөнүндө мындайча ой-пикирлери менен бөлүштү:

Гүлжигит Исаков.
Гүлжигит Исаков.

«Шайлоочулар менен жолугушкан кезде даярдалган, же талапкерге ыңгайлуу суроолор берилип турат. Кайсы бир жерде маек берсе, балким журналисттер да алдын ала сүйлөшүлгөн соболдорду узатышы мүмкүн эле. Ал эми мында атаандаштары ал күтпөгөн суроолорду беришмек. Анын аракеттери, саясий көз караштарын айтышмак. Мына ошол суроолорго жана айыптоолорго элдин алдында ачык жооп бермек. Дебатты миллиондогон адамдар, анын ичинде ошол эле Садыр Жапаровдун тарапкерлери да күтөт. Бирок ошого карабай ага келбей коюу бул элди сыйлабагандыкты, мен баары бир жеңем деген позицияны билдирет. Чыныгы саясатчы, айрыкча президент болом деген киши дебаттан качпашы керек. Ал жерде ушак сүйлөнөбү, ачуу сөздөр айтылабы, ал келип өз аргументтерин келтириши керек эле. Анүстүнө бул шайлоонун эрежеси, мыйзам талап кылган нерсе. Президенттикке бир кадам турган адам минтип саясий жарыштын эрежесин аткарбай койгону бул анын мындан аркы саясатынын алгачкы белгилери».

Мамлекеттик башкаруу, куугунтук жана уюштуруу

Ошентип эфирдик таймаш калган беш талапкер менен уланды. Биринчи раундда алып баруучулар 2010-жылкы конституциялык референдумду эске салып, «анда эмне үчүн мамлекеттик башкаруунун формасы элден суралган эмес?» деген собол коюшту. Башкача айтканда, алдыңкы референдум сыяктуу «парламенттик» жана «президенттик» системаларды аныктоо укугу добуш берүүчүлөргө берилбей калганы жөнүндө ойлорун сурашты.

Адахан Мадумаров он жыл мурдагы референдумду сөз кылуу маанилүү эместигине токтолду. Канатбек Исаев да бул суроо орунсуз экенин айтып, пандемияда башкаруу системасын алмаштыруунун кажети жок экенин айтты. Курсан Асанов парламент да, президент да күчтүү болушуна тилектеш экенин айтып, бирок мурда белгилегендей «хандык башкаруу» болбош керек деди. Элдар Абакиров менен Аймен Касенов да ушуларга үндөш жооп беришти.

Журналисттердин экинчи суроосу да алгачкысына окшош болду. Тагыраагы «Эмнеге парламенттик система өзүн актаган жок?» деген суроо коюлду Мадумаров «Кыргызстан парламенттик өлкөдө жашаган эмес» десе, Канатбек Исаев да ушуну жактады.

«Мен депутат катары, Чүй облусунун мурдагы губернатору катары сизге буларды айтам, 2010-жылдан кийин биз парламенттик башкарууда жашадык дегендер терең жаңылышат. Бизде 2010-жылдан бери деле бардык чечимдерди бир эле киши кабыл алып келди – ал президент. Премьер-министр министрлерди эмес, бир райондун акимин же анын орун басарын да президентсиз дайындай алчу эмес. Мен муну өзүмдөн билем»,-деди Исаев.

Курсан Асанов менен Аймен Касенов «парламенттик башкаруунун дискредитацияланышына» партиялардын лидерлерин айыпташты, Элдар Абакиров «баары жетекчиден көз каранды» экенин толуктады.

Үчүнчү кезекте «Шайлоо күнү күн 10 градус жылыйт экен, шайлоочулар көп келсе ким жеңет? Утулуп калсаңыз тарапташтарыңызды көчөгө чыгарбайсызбы?» деген суроо болду. Талапкерлер буга шакаба катары жооп кылышты.

Курсан Асанов ушундан пайдаланып талапкер катары өзүнүн жана тарапкерлеринин укуктары бузулуп жатканын арызданды:

Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

«Социалдык түйүндө Орозайым деген активист бир талапкердин атын атап, жактап койсо, жакындарын кошуп жамандап жатышат. Мага, үй-бүлөмө, балдарыма да болуп жатат. Мен кайсы бир талапкердин атын атагым келбейт, бирок коркутуп-үркүтүүнү токтотуш керек. Жалал-Абад шаарында болбогон шылтоо менен штабымдан сүрөттү алып коюп жатат. Курсан Асанов эч качан корккон эмес. Азыркы бийлик өткөн бийликтен сабак алган жок. Мен мыйзамдуулукту талап кылам».

Кийинки суроо-жооптор «шайлоо системасын жакшыртуу» жана «президент болгондон кийинки алгачкы жумуштар» менен байланыштуу болду. Талапкерлер бул жөнүндөгү көз караштарын, программаларындагы сунуштарын келтиришти.

Серепчи Айбек Теңизбаевдин «Фейсбукка» чыгарган видео билдирүүсү

Беттешке келгендердин көбү дебаттагы суроолор бийлик тараптан атайын даярдалганын бир нече жолу кеп кылып, саясий мотив менен берилген соболдор топтолуп калганына даттанышты. Мындай пикирлер дебат жүрүп жаткан мезгилде социалдык түйүндөрдө да жазылып жатты.

Активист Афтандил Жоробеков телетаймаштын жүрүшүн мындайча комментарийледи:

Афтандил Жоробеков.
Афтандил Жоробеков.

«Акыркы мезгилдери КТРК, ЭлТР, 5-канал, 7-канал бир тараптуу маалыматтарды берип, парламенттик башкарууну жаман көрсөтүп, президенттик башкарууну гана жактаган маалыматтарга басым жасап жатышат. Мындай позиция ушул дебатта да байкалды. Кайра-кайра парламенттик башкарууну айыптаган суроолорду берип жатышты, талапкерлер жооп берсе деле, тактап сурап турушту. Анүстүнө алып баруучуларды да атайын алмаштырып, болбогон суроолорду берип, эптеп узартып, дебат эч нерсе чечпейт дегендей маанайды бергиси келишти. Элестетсеңиз, саясий аренада аба ырайын айтып, «шайлоодо ким жеңет деп ойлойсуз?» деп жатат. Ушул да сурообу? Бул жерде кайсы бир талапкер келбей калганы үчүн дебаттарды маанисиз кылып көрсөтүү аракети байкалды. Анан менимче бул күнкү дебатка чыккан талапкерлердин позициялары жалпы жонунан окшош болду да, аларга каршы негизги талапкер келбей калганы үчүн талаш кызуу болбой калды».

Энергетикалык кризис, ыш жана Жетим-Тоо

Талапкерлердин бири-бирине суроо узаткан бөлүктө Аймен Касенов учурдагы актуалдуу маселелердин бири энергетикалык кризис жөнүндө кеп салды. Ал өлкөдөгү эң негизги «Токтогул» гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү расмий айтылгандан да азайып кетти деген кооптонуусун ортого жайды.

Аймен Касенов.
Аймен Касенов.

«Суу сактагычта учурда 12 млрд. куб метр суу бар экенин «Электр станциялары» ишканасы берип жатат. Бирок биз кечээ, Токтогул районуна барып келген учурда, суу сактагычты өз көзүбүз менен көрүп, сүрөткө тартып келдик. 7-8 млрд. куб метрдей эле суу калыптыр. Бул эмнени билдирет? Эң төмөнкү чеги 6 млрд. куб метр. Ага жетип калса, турбиналары айланбай калат. Мен эмнени айткым келип жатат, бул биз азыр технологиялык катастрофанын алдында турганыбызды эскертким келет. Эртеңки күнү «Токтогул» ГЭСинен ажырап калышыбыз мүмкүн. Антпесек, муну толукташ үчүн сууну үч жыл боюу топтошубуз керек болот».

Ушул эле маселе боюнча Касеновдун атаандаштары да ой бөлүшүп, зарыл болсо элге ачык айтып, эконом режимге өтүү керектигин сунушташты. Алар башкысы элди «тезек тере турган акыбалга» жеткирбөө керектигин белгилешип, бийликти буга чукул чара көрүүгө чакырышты.

Арийне, быйыл Токтогул суу сактагычында маселе бар экени былтыр жайдан бери эле белгилүү болуп келген. Муну менен мурдагы бийлик да, азыркы бийлик да алпурушуп келет. Суунун аздыгына байланыштуу кыргыз өкмөтү быйылкы күз-кыш айларында Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууда. Ошондой эле өкмөт элге кайрылып, электр энергиясын жылуулук үчүн эмес, жарык үчүн гана пайдаланууга чакырган.

Ушул эле маселени улай башка талапкер Элдар Абакиров азыркынын башка бир талылуу көйгөйү – Бишкек шаарындагы ыш темасын көтөрдү.

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

«Биз маселени чече турган адамдарды тандаганды үйрөнүшүбүз керек. Анткени Бишкектеги ыш маселеси акыркы 20-30-жылдагы бийликтин кайдыгерлигинин, билимсиздигинин жана коррупцияга баткандыгынын чоң белгиси. Ошол эле Кара-Кеченин көмүрү жөнүндө айрым эксперттер жакшы билет. 1958-жылы Ленинград шаарында изилдөө болуптур, анын жыйынтыгында «Кара-Кечедеги көмүр бул чийки көмүр, ал түтүн чыгарылганда бензопропилен деген зыяндарды алып чыгат, ал ден соолукка зыян, ракка алып келет» деген бүтүм чыккан экен. Аны чийкилей түрдө колдонбой, аны кайра иштетүүчү завод куруп, ошондон газ, бензин жана кокс чыгарса болот. Анан ошол коксту өрттөсө ал экологияга зыяны болбойт. Ошол эле мезгилде азыр бийлик тараптан ЖЭБди газга өткөрөлү деген сунуш болуп жатат. А эгер коңшу мамлекеттер өчүрүп салса, анда эмне болот? Газ өтө кымбат, акча сыртка кетет. Кыскасы, ишин билген, адискөй, таза адамдарды бийликке алып келмейин, бул маселелер чечилбейт».

Коомчулукта чуу жаратып жаткан Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кени жөнүндө кеп соңку дебатта да чыкты. Бул жолку сөздүн учугу кенди иштетиши ыктымал деп айтылып жаткан компанияга Кытайда туулган кыргыз депутаты Адыл Жунус уулу менен президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун байланышы жөнүндө уланды.

Адахан Мадумаровдун суроосуна жооп берип жатып, Канатбек Исаев буларга токтолду:

Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

«Кечээ күнү Бишкектин борбордук аянтында эл менен жолукканда бир топ сын-пикирлер айтылды. Ал жерде талапкерлердин бирин Кытайдын агенти дегендер болду. «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов да бир топ фактыларды келтирди. Менин кесиптешим, Адыл Жунус уулу Кытайда туулуп өскөн, жогорку билимди да ошол жактан алган. Учурунда Кытайдын губернаторунун кызына үйлөнгөн, азыр күйөө баласы ошол жакта губернатор. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандыгын алып, депутат болгону менен бизнесинин баарында кытай фирмалары турат экен. Аларды мен документ түрүндө тастыктайм. Кытай менен кол үзбөгөн адам азыркы негизги талапкер менен бир болуп, Ибраимов көчөсүндөгү имаратты чогуу курганбыз деп жатат. Улуттук коопсуздук кызматтын кызматкерлери мага «ал адам Кытайдын атайын кызматтарына иштейт» деп ачык эле айтып жатышат. Ошондой адамдар менен өнөктөш болгон адам кантип мамлекетти башкарат? Эгерде азыр элибизде шек жаралса, анда муну комиссия түзүп, текшериш керек»,-деди ал.

Мурдараак саясатчы Жеңиш Молдокматов да ушул жөнүндө билдирүү кылганы чын. Ал талапкер Садыр Жапаровдун Бишкектеги штабы депутат Адыл Жунус уулуна тиешелүү имаратта жайгашканын, ага тиешелүү фирмалар Жетим-Тоону казганы жатканын айткан.

Жунус уулу бул жөнүндө билдирүү жасай элек. Садыр Жапаров өзү 6-январда Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушуусунда ушул темага кайрылган:

«Дебатка чыккандардын программалары деле жок экен, бир гана программасы бар ал – Садыр Жапаровду жамандоо. Талапкерлердин арасында эл саткандар, жер саткандар жүрөт. Алтын уурдагандар, китепкана, жерлерди менчиктештирип алгандар жүрөт. Эптеп эле талапкер болуп алсам, камалбай турам го деген шылтоо менен чыгып алышкандар бар арасында. Кечээ убактым болуп митингдерин көрдүм, мен жөнүндө жамандап жаткандарын көрдүм. Бир талапкер «мен Кумтөрдү 100% мамлекетке иштетип берем» деп айтып жатат, эй, досум, мен 2012-жылы «Кумтөрдү мамлекетке алып коёлу, жылына 1 млрд. долларлык алтын чыгып кетип жатат» дегенде «каршы» добуш бербедиң беле? Кийин, меники басылып кетиптир деп жүрдүң эле го. Кумтөр боюнча мени жамандап жатышат, ал боюнча маселе бүтө элек, ага кайрылып келебиз, туугандар. Дагы бир маселе, Жеңиш Молдокматов деген биздин бир инибиз түз эфирге чыгып алып, кудайдын жок калпын айтып, элди тескери бурганы жатат. Ат-Башыда логистика салына баштады, чечим чыкты деп. Эл каршы чыккан жерге эч качан салынбайт. Жетим-Тоону эч ким ачалы деген эч ким жок, мен жөн гана оюмду айттым. Эгер көпчүлүк эл каршы болсо, аны да ачпайбыз. Анан Адыл Жунус уулу, Кытайдан келген депутат экен дейт. Бул бала 30 жылдан бери ушул жерде жашайт, жарандык алган, бизнес чөйрөсүндө жүргөн. Анан ошонун имаратында менин республикалык штабым жайгашканын айыпташып, булар Кытайдын шпиондору экен деп атышпайбы, ал имарат 2010-жылы «Ата Журт» партиясынын штабы болгон. Бул имарат 2007-жылы эки-үч дос биригип салганбыз, 2010-жылы курулуп бүткөн. Ошондон бери мен оппозицияда жүргөндөн бери аны бир күн да иштетпей коюшкан. Он жылдан бери каралбай калган. Мен түрмөдөн чыккандан кийин аны актап-сырдап, штаб кылып койдук. Анын эч кандай тиешеси жок».

КТРКдагы 6-январдагы дебаттын 3-раундунда талапкерлерге социалдык түйүндүн колдонуучуларынан жана мессенжерлерден келген түрдүү суроолор берилди.

Талапкерлердин дебаттарынын биринчи туру 28-29-30-декабрда болгон. Экинчи айлампада орун алмашуу менен кайрадан беттеш башталды.

7-январга Клара Сооронкулова, Абдил Сегизбаев, Арстанбек Абдылдаев, Равшан Жээнбеков, Рашид Тагаев жана Каныбек Иманалиев беттеши белгиленген. Тагаев жарыштан чыгып кеткен. 8-январда Улукбек Кочкоров, Бабыржан Төлбаев, Бактыбек Калмаматов, Жеңишбек Байгуттиев, Имамидин Ташов жана Мыктыбек Арстанбек дебат кылышат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG