Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:02

Аксы: Нааразылык акциясында тосулган жол ачылды


Аксы району. 4-январь, 2021-жыл.
Аксы району. 4-январь, 2021-жыл.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда нааразылык акциясында тосулган жол ачылды.

Акцияга чыккандар талаптары аткарылбаса, эртең, 5-январда кайрадан жол тосо турганын билдиришти. «Азаттыктын» кабарчысы жеринен билдиргендей, учурда жолдун эки тарабында топтолгон автоунаалар алынып, чогулгандар тарай баштады.

Аксынын Ак-Дөбө айылынын тургундары 4-январда акцияга чыгып, Ала-Бука - Чаткал - Жалал-Абад жолунун боюна эки боз үй тигип, жолду тосушкан.

Айыл тургундары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Жалал-Абаддагы башкармалыгынын имаратынын алдына барышты. Былтыр октябрда парламенттик шайлоодон кийин райондун борбору Кербен шаарындагы киши өлүмү менен аяктаган башаламандыктан кийин камакка алынган Кутман Шадыбековду, Тургун Шадыбековду жана Жылдыз Шадыбековду үй камагына чыгарууну талап кылышты.

Айылдын бир катар тургундарынын акциясы 2-январда башталган. 3-январда алар менен УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчилиги алар менен жолугуп, иш мыйзам чегинде иликтенип жатканын жана катуу көзөмөлдө экенин билдирген.

Былтыр 7-октябрда район акимчилигинин алдындагы акция мушташка айланганда катуу жараат алган 41 жаштагы Уланбек Жаманкулов 20 күндөн кийин ооруканада каза болгон. Милиция тополоңду уюштурууга шектүүлөрдүн бири катары Кутман Шадыбековду камакка алган. Кийин анын жакындары Тургун Шадыбеков менен Жылдыз Шадыбеков да кармалган. Жабыркаган тарап милицияга ишеним көрсөтпөгөндүктөн, ишти атайын кызмат иликтеп жаткан. (TB)

XS
SM
MD
LG