Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Аба ырайы: Жолдор тайгак болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

4-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы

Чүй жергесинде түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7;

Талас облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…+4;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -5…-10;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -24…-29, күндүз -9…-14 градус болот.

Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -14…-16 күндүз -6…-8 градус болот.

XS
SM
MD
LG