Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:37

Адвокат: Садыр Жапаровдун барымта боюнча иши 21-октябрда кыскарган


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырып, президенттикке ат салышып жаткан Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов Жапаровдун барымта боюнча иши 2020-жылдын 21-октябрында кыскарганын “Азаттыкка” маалымдады.

Жактоочу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ишти кыскартты деген токтомду да бөлүштү.

УКМКнын тергөөчүсү Мамбетакуновдун колу коюлган документте 2013-жылы 7-октябрдагы Каракол шаарында болгон окуяга Жапаровдун катышты бар экени жөнүндө түз далилдер жетишпегендиктен ишти кыскартуу чечими кабыл алынган.

Буга чейин Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Жапаровдун барымта боюнча иши быйыл 6-октябрда каралып, өкүм жокко чыгарылгандыктан, кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн билдирип, тергөөчүдө ишти кыскартуу укугу бар экендигин белгилеген.

Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, ошол кездеги өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2017-жылы кармалган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген. Былтыр апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, 10 жылын калтырган.

Жапаровдун саясий каршылаштары анын акталышы мыйзамсыз болгон деп сындап жатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG