Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

Коронавирустун жаңы штаммы Кытайда да аныкталды


Коронавирустун үлгүсүн лаборатория кызматкери кароодо. Хэнъян шаары, КЭР. 2020-жылдын 19-февралы. Архив.
Коронавирустун үлгүсүн лаборатория кызматкери кароодо. Хэнъян шаары, КЭР. 2020-жылдын 19-февралы. Архив.

Буга чейин Улуу Британияда аныкталган коронавирустун жаңы штаммы (түрү) Кытайда катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун маалыматына таянып, кытайлык медиа каражаттары жазып чыкты.

Жаңы штамм Улуу Британиядан кайтып келген студенттен табылган. Ал Шанхайга 14-декабрда кайтып келген. Кытайдын Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору бул окуя өлкөдөгү СOVID-19 вирусун көзөмөлгө алууга коркунуч туудураарын эскертти.

Коронавирустун жаңы мутацияланган түрү декабрдын орто ченинде алгач Улуу Британияда аныкталган. Андан бери бул түр Европадагы, Азиядагы жана Жакынкы Чыгыштагы бир нече мамлекетте табылды.

Дарыгерлердин маалыматы боюнча, бул штамм буга чейинки коронавирустун түрүнө караганда 70% тезирээк жайылат. Бирок бейтаптардын өмүрү үчүн мурдагыга салыштырмалуу анын кооптуу экени жөнүндө маалыматтар тактала элек.

Акыркы эки аптадан бери коронавирустун жаңы штаммынан улам 20дан ашык өлкө Улуу Британия менен авиакаттамдарды токтоткон. Европанын бир нече өлкөсүндө карантиндер кайрадан киргизилип, чектөөлөр күчөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG