Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Мамытов өз куттуктоосунда мамлекеттин атынан элден кечирим сурады


Президенттин милдетин аткаруучу, Жогору Кеңештин спикери Талант Мамытов. 2020-жыл, 31-декабрь.
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогору Кеңештин спикери Талант Мамытов. 2020-жыл, 31-декабрь.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогору Кеңештин спикери Талант Мамытов кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Мамытов куттуктоо сөзүндө пандемия маалында кетирилген кемчиликтер үчүн мамлекеттин атынан элден кечирим сурады.

«Өлкө президентинин милдетин аткаруучу катары пандемия маалындагы окуялар үчүн жалпы мамлекеттин атынан кечирим сурайм. Пандемияга байланыштуу мындай окуяларга бир да мамлекет, анын ичинде биз да даяр боло алган жокпуз. Тилекке каршы, пандемияда көп мекендештерибизди, белгилүү инсандарыбызды да сактап кала албадык. Коронавирус илдетинен каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Алардын жаркын элестери жүрөгүбүздө дайыма сакталат», - деди Мамытов.

Ал ошондой эле жарандарды 2021-жылы 1-январда мамлекеттин мындан аркы өнүгүшүнө шарт түзө турган референдумга келип добуш берүүгө чакырды.

2020-жылы 6-октябрдагы саясий окуялардан кийин бийлик алмашып, кезексиз президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Бул күнү жарандар мамлекеттик башкаруу формасын да тандашат. (TSh)

XS
SM
MD
LG