Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:32

Журналисттер Глобалдык медиа агенттигинин жетекчилигин басымга байланыштуу айыпташты


Майкл Пэк.
Майкл Пэк.

«Эркин Европа/Азаттык Үналгысы» (ЭЕ/АҮ) медиакорпорациясынын 23 тилдеги кызматынын жетекчилери жана башкы редактору АКШнын Глобалдык медиа боюнча агенттигинин (USAGM) башчысы Майкл Пэкке кайрылуу жиберип, аны саясий тең салмактуулук принцибинен тайганы жана корпорациянын өз алдынчалыгын чектөөгө аракеттенип жатканы үчүн айыпташты.

Глобалдык медиа боюнча агенттик АКШнын Конгресси каржылаган маалымат каражаттарынын ишин координациялайт. 2020-жылдын июнь айында Пэкти бул мекемеге президент Дональд Трамп дайындаган болчу.

Ошондой эле кайрылууда АКШнын шайланган президенти Жо Байден кызматка расмий киришкенге чейин Пэк медиакорпорацияны бир гана партиянын көзөмөлүнө алууга аракет кылып жатканы айтылат.

ЭЕ/АҮ медиакорпорациясынын 23 тилдеги кызматынын жетекчилери жана башкы редактору кол койгон ачык кайрылуу Пэктен сырткары Конгресске, Демократиялык жана Республикалык партиянын өкүлдөрүнө жана Жо Байдендин шайлоо штабына 30-декабрда жөнөтүлгөн.

Ноябрь айында Вашингтон штатындагы федералдык сот Пэкти уюмду башкарууда туура эмес аракет кылган деп, ага редакциялык саясатка киришүүгө убактылуу тыюу салган. Акыркы жумаларда Байден жана анын утурумдук штабы Глобалдык медиа боюнча агенттиктин иши текшериле турганын, Пэк кызматтан кетиши мүмкүн экенин четке каккан эмес.

Бирок кайрылууга кол койгондор Пэк кабыл алган чечимдерди четке кагуу кыйын болуп каларын эскертишет. Анда Пэк «өз адамдарын» директорлор кеңешине эки жылдык келишимдин негизинде дайындап жатканы белгиленген. Ошондой эле кайрылууда Глобалдык медиа боюнча агенттикке караштуу медиа уюмдарды каржылоо шартын өзгөртүп, финансылык өз алдынчалыктан ажырткысы келип жатканы айтылат.

Буга кошумча «Эркин Европа/Азаттыктын» менежерлери кол койгон катта Майкл Пэк мындай чечимдерди эл аралык радиого ар кыл өлкөлөрдө басым-кысым күчөп жаткан учурда кабыл алып жатканы белгиленген.

Пэк бул кайрылуу тууралуу CNBC каналына комментарий берген. Ал Глобалдык медиа боюнча агенттикке (USAGM) келген кайрылууда бир катар так эмес маалыматтар бар экенин айтып, медиа корпорациянын өз алдынчалыгын чыңдаш үчүн аракеттенгенин билдирген.

XS
SM
MD
LG