Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

ИИМ: Шайлоо эрежелеринин бузулушу тууралуу 38 арыз түштү


ИИМ имараты.
ИИМ имараты.

Кыргызстанда 10-январда боло турган президенттик шайлоого карата шайлоо эрежелелерин бузулушу жөнүндө милиция органдарына жалпысынан 38 арыз түштү. Бул тууралуу 31-декабрда ички иштер министринин (ИИМ) орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан сегиз иш кыскартылды.

«Тергөөгө өткөн алты кылмыш ишинин төртөө кыскартылды. Жоруктар боюнча төрт факт катталган, алардын баары текшерилип, далилденбегендиктен кыскартылды. 28 арыз боюнча териштирүү жүргүзүлүп, номенклатуралык ишке 21и чыкты. Калганы боюнча текшерүү жүрүп жатат».

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. Шайлоочулар же президенттик, же парламенттик форманы тандап же экөөнө тең каршы добушун бериши керек.

Президенттикке 17 талапкер ат салышууда. Азыр үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG