Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:00

COVID-19: «Азаттыктын» кабарчысы Бишкек мэриясынын алкышына татыды


«Азаттыктын» кабарчысы Бактыгүл Чыныбаевага мэриянын ыраазычылык катын мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев тапшырды. 2020-жылдын 30-декабры.
«Азаттыктын» кабарчысы Бактыгүл Чыныбаевага мэриянын ыраазычылык катын мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев тапшырды. 2020-жылдын 30-декабры.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы Бактыгүл Чыныбаева коронавируска каршы күрөш учурунда элге көрсөткөн колдоосу үчүн Бишкек шаардык мэриясынын алкышына татыды. Бүгүн, 30-декабрда шаар башкармалыгында өткөн жыйында ага мэриянын ыраазычылык каты тапшырылды.

Катта «COVID-19 пандемиясы учурунда активдүү жарандык позициясы жана шаардыктарга көрсөткөн колдоосу үчүн» деп жазылды.

Ыраазычылык каттары бир катар башка журналисттерге жана активисттерге да тапшырылды.

Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясы 1,5 миңдей адамдын өмүрүн алды. Абал өзгөчө Бишкек шаарында оор болду.

«Азаттык» радиосу оору курчуп турган учурда чектөөлөргө карабастан угарман-окурмандарына ар тараптуу жана толук маалымат берип турууга аракет кылды.

Бактыгүл Чыныбаева - «Азаттык» радиосунда «Сергек жашоо» түрмөгүнүн автору жана алып баруучусу. Ал коронавирус боюнча дүйнөдөгү жана өлкөдөгү абал, оорунун кесепети, андан коргонуу чаралары тууралуу материалдарды даярдап, социалдык түйүндөрдөгү жеке баракчалары аркылуу түз эфирге чыгып, кеп-кеңештерди берип келди. (RK)

XS
SM
MD
LG