Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

БШК референдумдагы үгүт иштерине 50 медианы каттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) башкаруунун формасын аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча үгүт иштерине катышууга 50 жалпыга маалымдоо каражатын каттады.

Анын ичинен 37и радио-телевидение, калган 13ү интернет-басылмалар. Боршайкомдун басма сөз катчысы Руслан Изреков БШК 29-декабрдагы отурумунда бир сайтты каттоодон баш тартканын билдирди.

«Борбордук шайлоо комиссиясы «NazarNews.kg» басылмасы Интернет платформасында жоктугуна байланыштуу аны каттаган жок», - деди Изреков.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт. Жарандар президенттикке талапкер 18 адамдын ичинен каалаган бирөөгө добуш берет жана башкаруу формасын төмөнкү тартипте тандайт:

- президенттик;
- парламенттик;
- бардык варианттарга каршы. (BTo)

XS
SM
MD
LG