Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:44

«Аркус» басма үйү кыргыз тилине которулган кытайлык эмгектерди тааныштырды


«Аркус» басма үйү, Марчалек басма тобу жана Кытай Женмин университетинин басмасы 2020-жылы кытайлык авторлор Чжу Юнсинь, Лү Хоубин жана калемдештер Чен Юй менен Пу Пиң жазган китептерди кыргыз тилине котортуп жарыялашты. 29.12.2020.
«Аркус» басма үйү, Марчалек басма тобу жана Кытай Женмин университетинин басмасы 2020-жылы кытайлык авторлор Чжу Юнсинь, Лү Хоубин жана калемдештер Чен Юй менен Пу Пиң жазган китептерди кыргыз тилине котортуп жарыялашты. 29.12.2020.

«Аркус» басма үйү коомчулукка жакында кыргыз тилине которулган кытайлык эмгектерди тааныштырды жана Кыргызстандагы бир катар жогорку окуу жайлардын китепканаларына бул котормолордун нускаларын белекке берди.

29-декабрда Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында өткөрүлгөн бул маданий иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, Кыргызстан эл аралык университетинин жана башка ЖОЖдордун китепканаларынын өкүлдөрү катышты.

“Аркус” басма үйүнүн кызматкери Жылдыз Медералиева К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында жаңы котормо китептерди окурмандарга тааныштырууда. 29.12.2020.
“Аркус” басма үйүнүн кызматкери Жылдыз Медералиева К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында жаңы котормо китептерди окурмандарга тааныштырууда. 29.12.2020.

Китептерди тааныштыруу жана тапшыруу аземине Кыргызстандын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аида Ишеналиева, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, жогорку окуу жайларынын мамлекеттик тил жана башка кафедраларынын өкүлдөрү, кытай тили мугалимдери, басма өкүлдөрү, айдыңдар катышты.

Жаңы котормолордун мазмуну менен «Аркус» басма үйүнүн кызматкери Жылдыз Медералиева тааныштырды.

"Марчалек басма тобу" («Marszaƚek Publishing Group») деген эл аралык топ менен тыгыз кызматташтык жүргүзгөн кыргызстандык «Аркус» басма үйү эми Кытай Женмин университетинин басмасы (China Renmin University Press) менен да карым-катнаш түзүп келет. Бул үч шерик басмалар 2020-жылдын соңку айларында айрым кытай илимпоздорунун эмгектеринин кыргыз тилиндеги котормолорун биргелешип жарыкка чыгарган.

Чжу Юнсиндин калемине таандык «Кытайдагы Жаңы жана Соңку жаңы доордогу педагогикалык акыл-ойдун тарыхы» китеби орус тилинен кыргыз тилине журналист жана котормочу Кубат Чекиров тарабынан которулган.

Профессор Лү Хоубин жазган «Идеологиялык өнүгүү» китеби менен Чен Юй жана Пу Пиң жазган «Дипломатия жана эл аралык мамилелер» китеби Кытайдагы заманбап мамлекеттик башкаруу системасынын ар кыл тармактарын чагылдырат. Бул эки китепти тең англисчеден кыргыз тилине Тынчтыкбек Чоротегин которгон.

Бул китептер жалпы чыгыш таануучуларга, синологдорго жана заманбап КЭРдин дипломатиялык тарыхын жана мамлекеттик башкаруу системасын, педагогикалык жана маданий ой чабытын үйрөнүүгө кызыккан жалпы окурмандар чөйрөсүнө арналат.

XS
SM
MD
LG