Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Быйыл үй-бүлөлүк зомбулук көбөйдү, реестрге катталган фактылар 8 миңден ашты


Зомбулук көргөн аялдарга арналган иллюстрация. Автору - Татьяна Зеленская.
Зомбулук көргөн аялдарга арналган иллюстрация. Автору - Татьяна Зеленская.

Быйылкы жылдын 11 айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8337 факты катталды.

Бул тууралуу 29-декабрда өкмөттөгү басма сөз жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Улан Маматканов билдирди.

Анын маалыматына караганда, үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу катталган фактылардын 71и сотко өткөн.

Зомбулуктан жалпысынан 49 адам жабырлануучу деп табылган. Анын 11и балдар.

Статистикага караганда, быйыл зомбулук фактылары көбөйгөн.

Расмий эсеп боюнча, 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 7428 факты реестрге катталган. (NT)




XS
SM
MD
LG