Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:21

30-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

30-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жергесинде түнкүсүн -6...-11, күндүз 0…-5;

Талас облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз -4…+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -4…-10, күндүз -2…+3;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -27…-32, күндүз -10…-15 градус болот.

Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 күндүз -1…-3 градус болот.

XS
SM
MD
LG