Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Коронавирус бир күндө дагы төрт кишинин өмүрүн алды


Коронавирусту аныктаган лаборатория. Бишкек, 2020-жыл.
Коронавирусту аныктаган лаборатория. Бишкек, 2020-жыл.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 29-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн кыйды. Бишкек шаарында үч, Ысык-Көл облусунда бир кишинин өлүмү катталды.

Бир күндө вирус дагы 119 кишиден жаңы аныкталды.

Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 80 654 адамды түздү. Анын 75 334ү сакайганы айтылды. Бир күндө 277 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1353 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 1200 бейтап стационарда, 1862 киши үй шартында дарыланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG