Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Кой-Таш окуясы боюнча сот уланат


Кой-Таш окуясы боюнча сотто отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана адвокаттар. Ноябрь, 2020-жыл.
Кой-Таш окуясы боюнча сотто отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана адвокаттар. Ноябрь, 2020-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 23-декабрда Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароону улантары күтүлүп жатат.

Бул тууралуу айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, өткөн аптада ишти карап жаткан сот кийинки жараянды 23-декабрга, саат 14.00гө белгилеген. Жараянга Атамбаев жеткирилүүгө тийиш.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында анын Кой-Таш айылындагы үйүндө болгон.

Анда УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 100дөн ашык киши жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14үнүн иши сотко өткөн. Азыр күбөлөр суралууда. 250дөй күбөнүн ондон ашыгы суралып бүттү.

Буга чейин Атамбаев Батукаевдин ишине байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал Бишкектеги №47 колонияда кармалууда. (NT)

XS
SM
MD
LG