Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:20

Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрү жетекчи шайлоо боюнча кайрадан жыйын өткөрүүнү талап кылышты


Талантбек Маткерим уулу жана Аваз Керимбаев. Бишкек. 22-декабрь, 2020-жыл.
Талантбек Маткерим уулу жана Аваз Керимбаев. Бишкек. 22-декабрь, 2020-жыл.

Соода-өнөр жай палатасынын айрым мүчөлөрү 22-декабрда Бишкектеги басма сөз жыйынында жетекчи шайлоо одоно мыйзам бузуу менен өткөнүн айтып чыгышты.

Басма сөз жыйынын Соода-өнөр жай палатасына мүчө болгон ишкерлер - Талантбек Маткерим уулу жана Аваз Керимбаев өткөрүштү.

Алар 18-декабрда палатанын жыйынында президенттикке Марат Шаршекеевдин кайра шайланышы мыйзамсыз экенин, ал жең ичинен өзүн колдогон тарапташтарын палатанын жаңы кеңешине мүчө кылып шайлаганын билдиришти.

Талантбек Маткерим сөз болуп жаткан жыйында устав жана регламент бузулганын, Эмгек кодексинин талаптары да аткарылбаганын, президенттикке талапкердин жашы 35 жаштан 65 жашка чейин болушу керек деген жобо да бузулганын, шайланган жетекчи Шаршекеев учурда 70те экенин уулу маалымдады.

Буга байланыштуу алар Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрүнүн атынан укук коргоо органдарынан жыйынды өткөрүүнүн мыйзамдуулугун карап, анда кабыл алынган чечимдерди мыйзамсыз деп табууну, жаңы жыйын чакырууну талап кылып жатканын белгилешти.

18-декабрдагы жыйында Соода-өнөр жай палатасынын президенти болуп Марат Шаршекеев шайланган. Анда палатанын кеңешинин жаңы курамы да бекитилген. Курултайда ишкананын президентин шайлоодон тышкары акыркы беш жылдагы аткарган иштер, палатанын каржылык ишмердиги тууралуу делегаттарга отчёт берилген.

Курултайдан кийин Марат Шаршекеев өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагып, өзү уставдын негизинде шайланганын билдирген.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы 1954-жылы негизделген.

Соода-өнөр жай палатасы - ишкерлердин башын бириктирген көз каранды эмес маанилүү уюм. Бул палата ишкердикти жөнгө салат жана ишкерлердин атынан өкмөткө талаптарды коё алат.

Уюмга катталган ишкер өндүргөн товарын экспортко чыгарууда тиешелүү лицензия, сертификат, экспертизаларды ала алат. Мүчөлүк акысы бир жылга 10 миң сомду түзөт. Анын курамында азыр 1200дөй ишкана-фирма бар. (NT)

XS
SM
MD
LG